Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 23:52

Шайлоо-2021: талапкер болууну көздөгөндөрдүн саны 57ге жетти


БШК.
БШК.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 29-сентябрга карата 57ге жетти.

Арыз тапшыргандардын бардыгы өзүн өзү көрсөткөн. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) басма сөз кызматы кабарлады. Маалыматка караганда, соңку күнү арыз тапшыргандардын арасында Жогорку Кеңештин азыркы депутаттары Азизбек Турсунбаев, Самат Ибраев, Автандил Кулбараков, юрист, жарандык активист Атыр Абдрахматова, мурдагы баш прокурор Элмурза Сатыбалдиев, "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынын" лидери Акбөкөн Таштанбеков, "Жашылдар" партиясынын лидери Эркин Булекбаев, адвокат Нурбек Токтакунов жана башкалар бар. Боршайком арыз тапшыргандардын тизмесин расмий сайтына жарыялады.

Шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдиргендерден арыздар 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтер 18-октябрга чейин кабыл алынат. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG