Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

Орозова: Баткендеги үйлөр бүтпөй жатат


Баткен жана Лейлек райондору биригип 140 турак үй талкаланган болсо, учурда анын 56сы курулуп бүтө элек.
Баткен жана Лейлек райондору биригип 140 турак үй талкаланган болсо, учурда анын 56сы курулуп бүтө элек.

Жогорку Кеңештин депутаты, КСДП фракциясынын мүчөсү Карамат Орозова кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу жаңжалда талкаланган үйлөрдүн курулушу бүтпөй жатканына нааразылыгын билдирди. Депутат бүгүн, 30-сентябрда парламенттин жалпы отурумунда бул маселени көтөрүп, өкмөт чек ара чырында өрттөлүп, талкаланган үйлөрдүн баары 5-октябрга чейин бүтөт деген убадасын эскертти.

"5-октябрь келип калды. Үйлөрдүн курулушу аягына чыга элек. Синоптиктер абанын температурасы кескин төмөндөйт деп айтып жатышат. Ушу күндө чатырда жашап жаткан элдин абалын ойлогула. Үйлөрдү 5-октябрга чейин бүтүрүп бериңиздер".

Быйыл апрелдин соңундагы кыргыз-тажик чек арасында болгон куралдуу кагылышта күйүп кеткен жана талкаланган Баткен районундагы үйлөрдүн курулушу токтоп турат. Жергиликтүү тургундар көпчүлүк үйлөрдүн 50 пайыз курулушу да бүтө электигин айтышууда.

Чек арага жакын айылдардын айрым тургундары чатырда жашап жатат.

28-30-апрелде, 1-майда кыргыз-тажик чек арасындагы куралдуу кагылышта 140 турак жай, беш мектеп, эки фельдшердик-акушердик пункт, үч бала бакча, эки милиция пункту, 24 май куйган станция, 60 коммерциялык объект, эки чек ара бекети жана бир клуб толугу менен талкаланган.

Тажикстандын Согд облусунда 14 турак жай бузулуп, эки үй, бир курулуш жарым-жартылай жабыркаганы маалымдалган.

Куралдуу жаңжалда Кыргызстандан 36, Тажикстандан 19 адам набыт болгон. Эки өлкө бул үчүн бири-бири айыптап, Башкы прокуратуралары кылмыш иштерин козгошкон.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG