Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:34

Садыр Жапаров: Адвокаттар көз карандысыз иштеш керек


Президент Садыр Жапаров адвокаттардын курултайында сүйлөп жатат. Бишкек. 30-сентябрь, 2021-жыл.
Президент Садыр Жапаров адвокаттардын курултайында сүйлөп жатат. Бишкек. 30-сентябрь, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров Кыргызстанда адвокаттар басым-кысымга кабылбай эркин иштеши керектигин билдирди. Бул тууралуу өлкө башчы 30-сентябрда Бишкекте Кыргызстандын адвокаттарынын II съездинде айтты.

Укук коргоо системасынын жана сот адилеттигинин натыйжалуу иштеши үчүн адвокаттар кесиптик милдеттерин көз карандысыз аткарышы керек. Алардын ишине укук коргоо органдары жана башка таасирдүү жактар кийлигишпөөгө тийиш. Алар кесиптик ишин аткарууда ар кандай кол салуулардан, куугунтуктоолордон мыйзам менен иш жүзүндө корголушу керек.

Адвокаттардын курултайына өлкөнүн аймактарынан келген жактоочулар, юристтер катышууда. Маалыматка ылайык, Кыргызстанда 4000 ашык жактоочу иштөө үчүн уруксат алган.(BTo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG