Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 22:16

Кутманова Кумтөрдө химиялык калдыктар ар кайсы жерде көмүлгөнүн билдирди


Кумтөр кенинде көмүлгөн машина. Фото Динара Кутманованын Facebook баракчасынан алынды.
Кумтөр кенинде көмүлгөн машина. Фото Динара Кутманованын Facebook баракчасынан алынды.

Экология жана климат боюнча мамлекеттик комитеттин башчысы Динара Кутманова Кумтөр кенинде таштанды чаржайыт көмүлгөнүн билдирди.

Бул тууралуу ал өзүнүн Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Кутманова кендин тегерегинде ар кандай таштанды, химиялык реагенттер салынган каптар, цианиддин калдыгы, техниканын эски тетиктеринин калдыктары (тралдар, экскаватордун сузгучтары, тетиктер ж.б.) көмүлгөнүн билдирди.

"Кызматкерлердин айтымында, 25 унаа көмүлгөн. Алардын баарын табуу керек. 2012-жылы мөңгүлөргө төгүлгөн тоодой болгон топурак-ташты көрүп нес болгом. Буга чейин мөңгүлөргө 1 млрд. тоннадан ашык төгүлүптүр. Ошондо андай бетпактыкка таң калсам, азыр кайрадан нес болуп отурам. "Центерраны" коргоп жаткандарга дагы кандай факты керек?".

Кутманова укук коргоо органдары экологиялык мыйзам бузууларды аягына чейин иликтеп, күнөөлүүлөрдү жоопко тартып, келтирилген зыяндын ордун токтоосуз толтурушу керектигин белгилеген.

Ушул жылдын 7-майында Бишкектин Октябрь райондук соту “Кумтөр Голд” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 млрд. 719 млн. 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

“Центерра Голд” ишканага коюлган доо “таптакыр негизсиз” экенин, убактылуу тышкы башкаруу киргизүү жөнүндөгү мыйзам 2009-жылдагы макулдашууга карама-каршы келерин, “Кумтөр Голд” мыйзамдарды эч убакта бузбаганын айтып чыккан.

Кумтөрдү текшерип жаткан мамлекеттик комиссиянын төрагасы Акылбек Жапаров “Кумтөр Голд” ишканасы Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4,2 миллиард доллар төлөөгө милдеттүү экенин билдирген. 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизип, кыргыз бийлиги кенди өзү иштетип келет.

Динара Кутманова.
Динара Кутманова.

Канадалык “Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтү койгон дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

"Центерра" 27-сентябрдагы Кумтөр кенин сактап калуу боюнча эл аралык арбитраждык сотко да кайрылган. Анда "кыргыз өкмөтү кенди иштете албай кыйналып, тиешелүү талаптарды аткарбай, натыйжада кен талкаланып жок болуу коркунучунда турганын" билдирген.

"Кумтөр голд" компаниясы "Центерранын" бардык маалыматтарын четке кагып, алтын казуу жана иштетүү кадимки калыбында жүрүп жатканын кабарлаган.(КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG