Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 22:53

YouTube вакцина тууралуу жалган маалыматка каршы күрөшүн күчөттү


YouTube компаниясынын логотиби.
YouTube компаниясынын логотиби.

Google компаниясына караштуу YouTube видеохостинги вакцина тууралуу негизсиз маалымат тараткандарга чектөөнү күчөтөрүн жарыялады. Жаңы эрежеге ылайык, атайын саламаттыкты сактоо мекемелери тарабынан жактырылган вакцинанын кооптуу экенин же кайсы бир ооруларга алып келиши мүмкүндүгүн алга сүрөгөн материалдар видеохостингден алынат.

Буга чейин YouTube коронавирус жөнүндө жалган маалыматтарды гана бутага алып келген.

"Биздин эреже кызылча жана гепатит В сыяктуу ооруларга каршы калыптанып калган эмдөө процесстери жөнүндө маалыматтарга гана эмес, деги эле вакцина тууралуу жалпы билдирүүлөргө да тиешелүү", - деп айтылат компаниянын билдирүүсүндө.

Дүйнөдөгү эң чоң видеохостингдеринин бири мындай чечимин бир топ мамлекеттерде коронавирустун вакцинасы тууралуу жалган кабарлар тарап, эмдөө жараянын жайлатып жаткан учурда кабыл алды.

YouTube жаңы чектөөлөрдүн алкагында канча материал өчүрүлгөнүн тактаган жок. Бирок былтыр пандемиянын алгачкы толкундары маалында COVID-19га байланыштуу дезинформацияга тыюу салгандан бери 130 миң видео өчүрүлгөнүн билдирди.

28-cентябрда YouTube орусиялык RT (Russia Today) медиа мекемесине таандык немис тилдүүэки каналды өчүргөнү белгилүү болгон. Компаниянын расмий маалыматында эки канал COVID-19 жана вакциналар тууралуу туура эмес маалымат таратып келгени белгиленген.

RT каналынын башкы редактору Маргарита Симонян YouTube платформасынын мындай чечимин сынга алган болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG