Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:57

YouTube орусиялык медиа мекеменин немис тилдүү эки каналын өчүрдү


Russia Today медиа мекемесинин башкы редактору Маргарита Симонян.
Russia Today медиа мекемесинин башкы редактору Маргарита Симонян.

YouTube платформасы орусиялык RT (Russia Today) медиа мекемесине таандык болгон немис тилдүү эки каналды өчүрүп, Москванын кыжырына тийди. Бул тууралуу RT DE каналын иштетип келген Динара Токтосунова 28-cентябрда телеграм-каналы аркылуу билдирди.

YouTube'га ээлик кылган Google компаниясы билдирүү жасап, эки канал COVID-19 жана вакциналар тууралуу туура эмес маалымат таратып келгенин жүйө келтирди. Google буга чейин RT DE каналынын видеону жарыялоо укугун чектеп, эскертүү берип келген.

RT DE каналы ал чектөөнү айланып өтүп, Der Fehlende Part канал аркылуу видеону чыгарууга аракеттенгенде, Google эки каналды тең өчүргөн.

YouTube’дун өкүлү Deutsche Welle’ге берген маегинде, “платформага жергиликтүү мамлекеттик саламаттык сактоо уюмдары же Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму берген маалыматка каршы келген маалыматты жайгаштырууга тыюу салынат” деп билдирген.

RT’нын башкы редактору Маргарита Симонян YouTube'дун мындай чечимин сынга алып, Орусиянын өкмөтүн немис маалымат каражаттарынын ишмердигине тыюу салууга чакырган.

Орусиянын Тышкы иштер министрлиги тийиштүү мамлекеттик органдарга YouTube’га жана башка германиялык медиа мекемелерге чара көрүү өтүнүчү менен кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG