Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:22

Кыргызстан Кумтөр иши боюнча эл аралык юристтерге 1,58 млн. доллар төлөдү


Кумтөр алтын кени, 28-май 2021-жыл.
Кумтөр алтын кени, 28-май 2021-жыл.

Кыргыз өкмөтүнүн Укуктук өкүлчүлүк борбору Кумтөр иши боюнча канадалык Centerra Gold Inc. компаниясы менен соттук териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын коргогон эл аралык юристтерге биринчи төлөмдөрдү төлөп берди. Бул боюнча маалыматтар Финансы министрлигинин Ачык бюджет порталында берилген.

Биринчи төлөм 2021-жылдын 20-сентябрында эки транш менен жүргүзүлгөн. Ага ылайык, биринчи төлөм 133 миллион 429 миң 82 сом, экинчисинин өлчөмү 152 миң сомду түзгөн. Бул эки төлөмдү кошкондо 133 миллион 581 миң 82 сом же Улуттук банктын учурдагы курсу боюнча 1,58 миллион доллар болот.

Соттук териштирүүдө Кыргызстандын кызыкчылыгын Arnold & Porter Kaye Scholer юридикалык фирмасынын юристи Бенджамин Минц коргой турганы жазылган.

Кыргыз бийлиги мамлекеттик комиссиянын тыянагынын негизинде Кумтөрдү иштетип келген канадалык инвестор "Центерра Голдго" быйыл жазында 4,2 миллиард доллардай доо койгон. Андан соң 17-майда "Кумтөр Голд" компаниясына убактылуу тыштан башкаруу киргизген. "Центерра" буга макул болбой, дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

"Центерра" 27-сентябрдагы Кумтөр кенин сактап калуу боюнча эл аралык арбитраждык сотко кайрылган. Анда "кыргыз өкмөтү кенди иштете албай кыйналып, тиешелүү талаптарды аткарбай, натыйжада кен талкаланып жок болуу коркунучунда турганын" билдирген.

"Кумтөр голд" компаниясы "Центерранын" бардык маалыматтарын четке кагып, алтын казуу жана иштетүү кадимки калыбында жүрүп жатканын кабарлаган. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG