Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:29

XI Борбор Азиялык соода форуму онлайн форматында өтөт


XI Борбор Азиялык соода форуму 2021-жылдын 4-8-октябрында өтөт.
XI Борбор Азиялык соода форуму 2021-жылдын 4-8-октябрында өтөт.

2021-жылдын 4-8-октябрында АКШнын эл аралык өнүктүрүү боюнча агенттиги (USAID) “Региондогу кызматташтыкты кеңейтүү аркылуу пандемиядан кийин калыбына келтирүү” темасында XI Борбор Азиялык соода форумун өткөрөт. Бир жумалык иш-чара туризм, транспорт жана логистика, электрондук соода, суу коопсуздугу, электр энергиясын сатуу жана башка жааттарда COVID-19 пандемиясынан кийин экономиканы калыбына келтирүү маселелерине арналат. Бул тууралуу АКШнын Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы кабарлады.

Форумда 80ден ашык спикер сөз сүйлөп, өз тажрыйбалары менен бөлүшөт. Алардын арасында Борбор Азиядагы GIZ региондук долбоорлорунун кластердик координатору Торстен Брецина, Кыргызстандагы EcoFerma компаниясынын ээси Жамиля Иманкулова, 3D Kyrgyzstan and Maks Tour ишканасын негиздегендердин бири Максат Конушалиев, FCILT, WiLAT Борбор Азиядагы төрагасы Марина Кузнечевская, Макао илимий-технологиялык университетинин адъюнкт-профессору, Viziolg Asia Limited ишканасынын директору Вики Ку жана башкалар бар.

Форум Zoom платформасында англис жана орус тилдеринде өтүп, USAIDдин Борбор Азияда атаандаштык, жумуш орундарын түзүү жана сооданы илгерилетүү боюнча долбоорунун YouTube каналында түз эфирде көрсөтүлөт.

Акыркы он жылда USAIDдин Борбор Азиялык соода форуму региондо туруктуу экономикалык кызматташтыкты кеңейтүүгө колдоо көрсөтүп келет. Форумга 30дан ашуун өлкөдөн 10 миңдин тегерегинде адам катышып келет. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG