Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:18

Нью-Йорк менен Женевада түркмөн президентине каршы акция өттү


Нью-Йорктогу акция, 28-сентябрь 2021-жыл.
Нью-Йорктогу акция, 28-сентябрь 2021-жыл.

Түркмөнстандагы саясий режимди сындап жүргөн активисттер эл аралык коомчулуктун көңүлүн өлкөдөгү көйгөйлөргө буруу максатында чет мамлекеттерде нааразылык акцияларынын кезектеги айлампасын баштады.

28-сентябрда Бириккен Улуттар Уюмунун (БУУ) Нью-Йорктогу кеңсесинин алдында башталган акция 29-сентябрда БУУнун Женевадагы кеңсесинин жанында уланды.

Нью-Йорктогу акциянын катышуучулары Түркмөнстанда коронавирус жайылып жатканын, вирустан көптөгөн адамдар өлүп жатканына карабастан, түркмөн бийлиги өлкөдө COVID-19 жуктургандар жок экенин билдирип келатканын белгилешти.

"Түркмөнстандагы адамдар жардамга муктаж, алар коронавирустан өлүп жатат. Бизди эч ким укпайт. Түркмөнстанга жардам бергилечи!" - деди митингде сүйлөгөн уюштуруучулардын бири Лейла Музапберова.

Чогулгандар чек аралардын жабылышын айыптаган, демократиялык өзгөрүүлөрдү жана президент Гурбангулы Бердымухамедовдун кызматтан кетишин талап кылган ураандарды чакырып турушту. Мындан тышкары алар эл аралык коомчулукту Түркмөнстандагы укук бузууларга жана абийир туткундарынын оор абалына көңүл бурууга, түркмөн бийлигине санкцияларды киргизүүгө жана түркмөн президентинин үй-бүлө мүчөлөрүнүн эсептерин камакка алууга чакырышты.

БУУнун Женевадагы бюросунун алдындагы акцияны "Түркмөнстандын демократиялык тандоосу" партиясынын лидери Мырат Гурбанов баштаган топ уюштурду. Алардын айтымында, чет жактагы түркмөндөр Түркиянын Вашингтондогу дипломатиялык өкүлчүлүгүнүн алдында, ошондой эле Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюмунун Вашингтондогу имаратынын жанында да пикеттерди өткөрүүнү пландап жатышат.

Экономикалык каатчылыктан, жумушсуздуктан жана баалардын жогорулашынан кыйналган жүз миңдеген түркмөнстандыктар иш издеп чет өлкөлөргө чыгып кеткен. Апта башында Түркияда жүргөн түркмөн активисттери басымга жана коркутууга кабылып жатканы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG