Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:33

Бишкек-Торугарт жолунда кыймыл чектелет


Боом капчыгайында таштарды көчүрүп тазалоо учуру. Бишкек-Торугарт жолу. 3-август, 2016-жыл.
Боом капчыгайында таштарды көчүрүп тазалоо учуру. Бишкек-Торугарт жолу. 3-август, 2016-жыл.

4-8-октябрда Бишкек-Торугарт жолунун 131-чакырымында, тагыраагы Боом капчыгайында жол кыймылына коркунуч келтирбеши үчүн таш көчүрүү иши жүргүзүлөт.

Буга байланыштуу аталган аймакта жол кыймылы убактылуу токтотулат. Таш көчүрүү иштери күндүз жергиликтүү убакыт боюнча саат 09:00дөн 15:00гө чейин жүргүзүлөт.

Жолду тазалоо учурунда кыймыл үчүн бир тилке ачылат. 30-40тан ашык автоунаанын топтолушу менен таш түшүрүү иши токтоп, унааларды өткөрүүгө уруксат берилет.

Бишкек-Торугарт жолунун Боом капчыгайындагы тилкесинде жол кыймылынын коопсуздугу үчүн таш көчүрүү иштери жыл сайын жүргүзүлүп турат.(MiK/ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG