Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:21

Түркия түркмөн президентин сындаган активистти бошотту


 Дурсолтан Таганова.
Дурсолтан Таганова.

Түркмөнстандын президенти Гурбангулы Бердымухамедовдун бийлигин кескин сындап келе жаткан түркмөн активистти Дурсолтан Таганова Стамбулдагы депортация борборунан бошотулду.

Бул тууралуу Таганованын адвокаттары "Түркмөнстан хроникасы" басылмасына билдиришти. Алардын айтымында, 30 жаштагы активист 29-сентябрда бошотулган. Бирок ал депортация болору же Түркияда калары белгисиз.

27-сентябрда Москвадагы "Мемориал" укук коргоо борбору түрк полициясы Таганованы камакка алганын, ал Түркмөнстанга депортацияланышы мүмкүн экенин билдирген.

Аны улай Таганованын депортация борборунда тартылган видеосу Телеграмдагы Turkmen.news каналына жарыяланган. Анда активист Түркмөнстандагы жарандык эркиндиктин камсыздалышын талап кылган билдирүүлөрү үчүн кармалганын айтып, бул анын акыркы видеосу болушу мүмкүн экенин айткан.

2020-жылдын июль айында Дурсолтан Таганова баштаган ондогон түркмөндөр Түркмөнстандын Стамбулдагы консулдугунун алдында президент Гурбангулы Бердымухамедовду сындаган акция өткөрүшкөн. Түрк полициясы анда Таганова менен кошо дагы бир нече адамды кармаган. Кармалгандардын көбү бир нече сааттан кийин эле бошотулган. Бирок Таганова ошол жылдын октябрь айында гана бир нече укук коргоо уюмдарынын Түркиянын бийлигине кайрылуусунан кийин эркиндикке чыккан.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG