Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:08

АКШ генералы Доха келишими ооган армиясына терс таасир эткенин айтты


АКШ Борбордук командачылыгынын кол башчысы, генерал Кеннет Маккензи.
АКШ Борбордук командачылыгынын кол башчысы, генерал Кеннет Маккензи.

АКШнын куралдуу күчтөрүнүн жетекчилери америкалык жоокерлерди Ооганстандан толугу менен чыгаруу ооган армиясынын жалпы маанайына жана моралдык абалына абдан чоң таасир тийгизгенин билдиришти. Алар мындай ойлорун 29-сентябрда Конгресстин Өкүлдөр палатасынын Куралдуу күчтөр комитетиндеги угуулар учурунда айтышты

АКШнын Борбордук командачылыгынын кол башчысы, генерал Кеннет Маккензи америкалык контингент 2,5 миң кишиден азайса, алгач Кабул өкмөтү, анын артынан армия кулайт деп "көптөн бери" ойлоп жүргөнүн билдирди. Генерал белгилегендей, контингентти кыскартуу АКШ колдогон ооган өкмөтүнүн ойрон болушун тездеткен.

Ооган армиясы узак жылдардан бери чалгын маалыматтарын чогултуу жана абадан колдоо көрсөтүүдөн баштап, аскерлерди машыктырып, жабдууга чейин америкалыктардын жардамына таянып келген.

Президент Жо Байден АКШ күчтөрүн 31-августка чейин толугу менен Ооганстандан чыгарууну көздөгөн. Бул чечим 2020-жылдын февралында Дохада "Талибан" кыймылы менен жетишилген макулдашуунун, ошол кездеги президент Дональд Трамп берген убаданын алкагында кабыл алынган.

"Доха келишимине кол коюу Ооганстан өкмөтүнүн жана куралдуу күчтөрүнө абдан чоң залакасын тийгизди. Биринчи кезекте психологиялык таасири терс болду”, - деди генерал Маккензи.

Төрт жарым саатка созулган угууларга Бириккен штабдар командачылыгынын кол башчысы, генерал Марк Милли жана коргоо министри Ллойд Остин да катышты. 28-сентябрда алар Сенаттын куралдуу күчтөр комитетинде да дээрлик бир күн бою суроолорго жооп беришкен.

15-августта талибдер Кабул шаарын курчоого алгандан көп өтпөй Ооганстандын президенти Ашраф Гани башында турган өкмөтү кулаган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG