Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:44

АКШ Сенаты "шатдаундун" алдын алуучу мыйзам долбооруна добуш берет


Сенаттын лидери Чак Шумер.
Сенаттын лидери Чак Шумер.

АКШнын Сенаты федералдык өкмөттүн ишинин токтоп калышын же "шатдаундун" алдын алууну көздөгөн мыйзам долбооруна добуш бергени жатат. Бир күн мурда Демократиялык партиянын сенатору Чак Шумер добуш берүү 30-сентябрда же АКШда фискалдык жылдын акыркы күнүндө өтөөрүн жарыялаган.

Конгресстеги демократтар да, республикачылар да федералдык өкмөттүн жабылышын алдын алууну көздөп турушат. Эгер бюджеттен каржылоо токтоп калса, мамлекеттик мекемелер жабылып, жүз миңдеген кызматкерлер убактылуу ишсиз калат.

Демократтар өкмөттүн 3-декабрга чейин үзгүлтүксүз иштешин камсыз кыла турган мыйзам долбоору Сенатта жана Өкүлдөр палатасында колдоо табарын билдирүүдө. Андан соң документ президент Жо Байденге жөнөтүлөт.

АКШда жаңы фискалдык жыл 1-октябрда башталат. Эгер Конгресс жаңы бюджет боюнча тил табыша албай калса, Кошмо Штаттардын Каржы министрлигинде федералдык өкмөттүн ишин камсыз кылуу үчүн каражат калбай калат. Бирок конгрессмендер өкмөттүн ишин убактылуу каржылоочу мыйзам долбоорлорун кабыл алса болот.

Конгресстеги бюджет боюнча бул жолку пикир келишпестикке демократтардын карыз алуунун көлөмүн көбөйтүү тууралуу сунушуна Сенаттагы республикачылардын каршы чыкканы себеп болду.

Конгресстин бюджет бөлүмү билдиргендей, 2018-2019-жылдагы "шатдаун" Американын экономикасына 11 миллиард доллардык чыгым алып келген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG