Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 12:37

Баткен коогасынын катышуучулары ардагер макамын талап кылышууда


"Скорпион" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери, Баткен, 1999-жылдын август-сентябрь айлары, Фото: Брюс Панниер.
"Скорпион" атайын даярдыктагы аскер бөлүгүнүн жоокерлери, Баткен, 1999-жылдын август-сентябрь айлары, Фото: Брюс Панниер.

1999-2000-жылкы Баткен коогасына катышкан аскер кызматкерлери жана алардын жакындары бүгүн, 30-сентябрда Бишкектеги Эски аянтта митингге чыгышты. Министрлер кабинетинин имаратынын алдына чогулгандар "Согуштун, тылдын жана Куралдуу күчтүн ардагерлери" макамын берүүнү жана муну мыйзам менен бекитүүнү талап кылышты.

Мындан тышкары Баткен согушунун катышуучусуна мамлекет тарабынан берилген жөлөк пул, пенсиянын көлөмүн көтөрүп берүүнү өтүнүшүүдө. Баткенчи жоокерлердин республикалык комитетинин төрагасы Сатыбек Молдалиевдин журналисттерге билдиргени боюнча, Баткен коогасында курман болгондордун үй-бүлөлөрүнө, коогада жарадар болгондорго мамлекет тарабынан берилчү жөлөк пулдун көлөмү көбөйгөн эмес.

"Биз 2014-жылы Баткен коогасынын катышуучуларына "Согуштун, тылдын ардагерлеринин макамын" берүүнү өтүнүп, 62 миң адамдын колу коюлган кайрылууну бийликке жана Жогорку Кеңешке бергенбиз. Бирок эч кандай жыйынтык болгон жок. Өкмөт "бюджетте акча жок" деп алакан жайып келе жатат".

Баткен коогасында курман болгон аскер кызматкерлеринин үй-бүлөсү багуучусунан ажыраганы үчүн 1000 сом жөлөк пул алат. Ал эми коогада жаракат алгандар 7 миң сом пенсия алышат.

Баткен коогалаңынын катышуучулары жөлөк пулдун жана пенсиясынын көлөмүн көбөйтүүнү 2019-жылы "Азаттыктын" "Баткен коогасынын актай барактары" даректүү тасмасына тартылган учурда да өкмөттөн суранышкан.

1999-2000-жылдарынын жай айларында болгон Баткен коогалаңында расмий маалыматтар боюнча, 1500-2000 чамалуу аскер катышкан. 53 жоокер курман болуп, 130дан ашууну жаракат алган. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG