Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:07

Женевада кыргыз өкмөтү менен "Центерра Голддун" биринчи сүйлөшүүсү аяктады


"Центерра Голд" компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Перри жана Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров.
"Центерра Голд" компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Перри жана Экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров.

28-30-сентябрда өткөн Швейцариянын Женева шаарындагы кыргыз өкмөтүнүн өкүлдөрү менен буга чейин Кумтөр алтын кенин иштеткен "Центерра Голд" компаниясынын жетекчилеринин биринчи сүйлөшүүсү аяктады. Бул тууралуу сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булак "Азаттыкка" билдирди.

Кыргызстандын делегациясын экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров менен Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы Камчыбек Ташиев жетектеп барган. Делегация курамында Кумтөр кенине тыштан башкаруучу болуп бекиген Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар. Сүйлөшүүгө "Центерра Голд" компаниясынын башкы аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ катышты.

"Центерра Голд" компаниясы менен сүйлөшүүлөрдүн биринчи раунду ийгиликтүү аяктады. Эки тарап сүйлөшүү столуна отуруп, бири-бирине нааразылыктарын ачык айтышты. Тараптар сүйлөшүүнүн маңызын, деталдарын позицияларын ачыктай албагандыктан, сүйлөшүүнүн жыйынтыгына канааттангандыгыбызды билдире алабыз. Кыргызстандын мамлекеттик делегациясы улуттук кызыкчылыкты коргоодо өз позициясында бекем турду. Сүйлөшүүлөр уланат", - деди сүйлөшүүгө катышкан ишенимдүү булак.

Ташиев менен Жапаров баштаган делегация Кумтөр маселесине байланыштуу Женевага учуп кеткени тууралуу маалымат 27-сентябрда тараган.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия "Центерра Голд" Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда Жогорку Кеңеш “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизген. Ошондон бери өлкөдөгү эң ири алтын кенди кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Канадалык “Центерра Голд" компаниясы кыргыз өкмөтүн Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко берген. Ушул тапта Нью-Йоркто соттук териштирүү жүрүп жатат. Сотто Кыргызстандын кызыкчылыгын Arnold & Porter Kaye Scholer юридикалык фирмасы коргойт.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG