Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:34

Руслан Казакбаев ЕККУнун кезексиз жыйынына катышты


Министр Казакбаев сентябрдын аягында Брюссель, Вена шаарларына барып, Еврошаркеттин бир катар жогорку кызматкерлери менен жолукту.
Министр Казакбаев сентябрдын аягында Брюссель, Вена шаарларына барып, Еврошаркеттин бир катар жогорку кызматкерлери менен жолукту.

Тышкы иштер министри Руслан Казакбаев 30-сентябрда Австриянын Вена шаарында Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмунун (ЕККУ) кезексиз жыйынына катышты. Бул тууралуу ТИМ басма сөз кызматы кабарлады.

Казакбаев ЕККУга мүчө мамлекеттердин өкүлдөрүнө Кыргызстандагы демократиялык реформалар, жарандык коомду өнүктүрүү, адам укуктарын, анын ичинде улуттук азчылыктардын жана жалпыга маалымдоо каражаттарынын эркиндигин камсыздоо тууралуу маалымат берди.

Министр мындан тышкары 2020-жылдагы октябрь окуяларынын себептерине, республикалык бийликтин ички саясий абалды стабилдештирүү жана Конституциялык нукка кайтаруу аракеттерине токтолуп, болуп өткөн жана өтө турчу шайлоолор тууралуу кеңири маалымат берди.

Ошондой эле Европа өлкөлөрүнө коронавируска каршы COVAX программасынын негизинде беришкен вакциналар үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ноябрь айына белгиленген "Европа Биримдиги - Борбордук Азия" биринчи экономикалык форумуна жыйындын катышуучуларын чакырды.

Министр Казакбаев сентябрдын аягында Брюссел, Вена шаарларына барып, Еврошаркеттин бир катар жогорку кызматкерлери менен жолукту. (BCh)

XS
SM
MD
LG