Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Октябрь, 2022 жекшемби, Бишкек убактысы 19:32

Митингчилерге бир миллион теңге айып пул салынды


Кытай элчилигинин алдына Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккандардын бири Гаухар Курмангалиева.

Нур-Султандагы Кытай элчилигинин алдына Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккан 10 кишиге сот 1 миллион теңге айып пул салды. Казакстандык укук коргоочулар мыйзам баарына бирдей экенин, мындай жаза аша чапкандык болгонун айтууда.

Өткөн аптанын башынан бери он чакты адам Нур-Султандагы Кытай элчилигинин имаратынын алдына чыгып, элчи Чжан Сяонун Казакстандан кетишин талап кылып турушкан.

Онлайн өткөн сот

10 күндөн бери элчиликтин алдында тикесинен тик туруп, туугандарын бошотууну талап кылгандар эми соттун чечими менен 1 миллион теңге айып пул төлөөгө милдеттендирилди. Акциянын катышуучуларынын айтымында, сот онлайн өтүп, прокурор митинг мыйзамсыз экенин жүйө келтирип, ошонун негизинде чечим чыккан.

"Прокурор анан сот менен онлайн байланыштык. Бизге мыйзамсыз митинг өткөрдүңөр деп айып тагылды. Биздин күнөөбүз, туугандарыбызды бошотууну гана талап кылганыбызбы?",-дейт Шинжаңдагы туугандарын бошотууну талап кылып чыккандардын бири Гаухар Курмангалиева.

Расмий маалыматка ылайык, Нур-Султанда кармалган митингчилерге "коомдук тартипти бузуу жана мыйзамсыз жыйын өткөрүү" деген берене менен айып тагылды.

"Жаза чегерерден мурун сотко чакыруу кагазын бериш керек. Андан кийин гана жараян башталат. Аларга мындай суммада айып пул салуунун мааниси да жок", - дейт казакстандык укук коргоочу Аида Жусубалиева.

Халида Акытхан.
Халида Акытхан.

Балдары Шинжаңдагы лагерде жаткан, нааразылык акциясынын катышуучусу Халида Акытхан камакка алынгандан кийин ден соолугу начарлап кеткенин айтат.

"Түнү бою бутум ооруп ыйладым. Пенсиям газга, электр энергиясына гана жетет. Сууга өзүнчө төлөйм. Калганы дарыга да жетпейт",-деп ыйламсырады Акытхан.

"Эч жерден жооп жок..."

Казакстандагы "Эл аралык укуктук демилге" фондунун жетекчиси Айна Шорманбаеванын айтымында, сот саясий иштерди кароого келгенде катаал өкүм угузууга ыктап турат.

Айна Шорманбаева.
Айна Шорманбаева.

"Административдик укук бузуулар жөнүндө кодексте 64-берене бар. Бул берене, эгерде укук бузуу коомго эч кандай зыян келтирбесе жана олуттуу болбосо, административдик жоопкерчиликтен бошотуу мүмкүнчүлүгүн карайт. Башкача айтканда, оозеки гана эскертүү берүү бар", - деди укук коргоочу.

Өлкөнүн омбудсмени Эльвира Азимова мыйзам баарына бирдей экенин, митингчилерге жардам берүүгө даярдыгын билдирди.

"Мен өзүмдүн ыйгарымдуу укугумду колдонуп, Ички иштер министрлигине же прокуратурага кайрыла алам" ,-дейт Азимова.

Бир миллион теңге айып пул моюнуна илинген митингчилер мындай куру убадаларга ишенбей деле калышкан.

Элчиликтин алдында митингте турган Акикат Калиолла. 2020-жыл.
Элчиликтин алдында митингте турган Акикат Калиолла. 2020-жыл.

"Биз АКШнын элчилигине," Нур Отан "партиясынын кеңсесине, ал тургай Тышкы иштер министрлигинин кеңсесине бардык. Бирок жооп ала албайбыз",-дейт Шинжаңдагы лагерден туугандарын издеген Акикат Калиолла.

Буга чейин Кытайда камактагы туугандардын бошотууну талап кылгандар Бээжиндин Алматыдагы консулдугунун алдына жети айдан бери чыгып келишкен. Айрым учурда алар имараттын алдында, көчөдө түнөп да калышчу. Акциянын катышуучуларын полиция бир нече жолу кармап, айып пул төлөөгө милдеттендирип, кээ бирлерин 10-15 суткага камаган да учурлар болгон.

Кытайдын Шинжаң-Уйгур автоном районунда уйгур, казак жана кыргыздар баштаган жүз миңдеген мусулмандар "саясий тарбия берүүчү лагерлер" деп аталган жайларга негизсиз камалып жатканы бир нече жылдан бери кабарланып келет.

Бээжин Шинжаңдын тургундары диний же саясий көз карашы үчүн куугунтукталып жатканын четке кагып, алар кармалган лагерлерди "кесипке үйрөтүүчү борборлор" катары мүнөздөйт.

  • 16x9 Image

    Элвира Будайчиева

    "Азаттык" радиосунун Стамбулдагы кабарчысы. Кыргыз-түрк "Манас" университетин жана Стамбулдагы Йедитепе университетинин магистратурасын бүтүргөн.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG