Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:31

Тажикстанда Ооганстандагы урушка катышты делген келин 12 жылга кесилди


Вахдат шаарындагы түрмөлөрдүн бири.
Вахдат шаарындагы түрмөлөрдүн бири.

Тажикстанда "Ооганстандагы согуштук аракеттерге катышты" деп айыпталган тажик жараны Олима Камолова 12 жылга түрмөгө кесилди. Мындай өкүмдү 30-сентябрда баш калаа Дүйшөмбүнүн жанындагы Вахдат шаарынын соту чыгарды.

Сот Камолованы 2015-жылы Ооганстандын убагында "Ислам мамлекети" террордук тобунун жергиликтүү бутагы көзөмөлдөп турган аймагындагы урушка катышкан деп тапты. Прокуратура 31 жаштагы келинди 15 жылга эркинен ажыратууну соттон өтүнгөн.

Олима Камолова төрт баланын энеси. Ал Ооганстанда жүргөндө кош бойлуу болгондуктан согушттук аракеттерге катышпаганын билдирди. Ошондой эле өзүн маркум күйөөсү Парвиз Сангов Ооганстанга алып келип, кайра артка кетирбей койгонун, жолдошу Жалалабад шаарында мерт болгонун кошумчалады.

Камолованы алгач мурдагы ооган өкмөтүнүн күчтөрү кармап, быйыл жыл башында балдары менен кошо Тажикстанга өткөрүп берген. Ал январь айында тажик бийлигине кайрылып, мекенине кайтууга жардам берүүнү өтүнгөн эле

Бирок тажик коопсуздук күчтөрү Камолованы быйыл июль айында камакка алып, ага айып таккан.

Жакынкы Чыгышта жана Ооганстанда "Ислам мамлекети" террордук тобунун чабуулдары күчөп турган учурда Борбор Азиядан жүздөгөн адамдар үй-бүлөлөрү жана жаш балдары менен кошо Сирияга, Иракка жана ооган жергесине чыгып кетишкен.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG