Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 05:12

COVID-19: 1-октябрда каза болгондор катталган жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.
Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын 1-октябрга карата берген маалыматына караганда, Кыргызстанда COVID-19дун жаңы 76 учуру катталды:
  • Бишкек - 42
  • Чүй облусу – 20
  • Ысык-Көл облусу – 8
  • Жалал-Абад облусу – 3
  • Талас облусу - 2
  • Ош шаары - 1

Баткен, Нарын жана Ош облустарында вирус жуктургандар катталган жок.

Ушуну менен былтыр марттан бери коронавирус илдетине чалдыккандардын расмий саны 178 608 адамга жетти. Бул аралыкта оорудан 173 305 адам сакайды.

Штабдын маалымдашынча, акыркы суткада илдеттен көз жумгандар болгон жок. Жалпысынан коронавирус Кыргызстанда 2607 адамдын өмүрүн алды.

Ушул тапта ооруканаларда 436 адам, 779 бейтап үйүндө дарыланып жатат. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG