Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:48

Эквадор түрмөсүндөгү калайман мушташтан 116 адам өлдү


Эквадордун президенти өлкөнүн түрмөлөрүндө жапырт өзгөчө кырдаал абалын жарыялады. Гуаякил шаарындагы түрмөдө чыккан калайман мушташтан 116 адам каза таап, 80дей киши жарадар болду. Associated Press агенттиги маалымдагандай, башы кесилген беш кишинин сөөгү табылган.

Литорал деп аталган түрмөдө Мексиканын баңги картелдери менен тыгыз байланышкан эквадордук уюшкан кылмыштуу топтун мүчөлөрү жаза мөөнөтүн өтөйт. Бул түрмөнү өлкөдөгү эң коркунучтуу жабык жай деп аташат.

Калайман мушташ Los Lobos жана Los Choneros аттуу эки топтун ортосунда болгон. Алар түрмөгө бийлик жүргүзүүнү талашкан.

Расмийлердин айтымында, мушташта ок атылып, бычак, жарылуучу заттар колдонулду. 400 полиция кызматкери барып, экөө жарадар болду.

Эквадордогу түрмөлөрдө зомбулуктун күчөөсүнө бул өлкө аркылуу Перу менен Колумбиядан кокаиндин Мексикага жергиликтүү уюшкан кылмыштуу топтор тарабынан соодаланып туруусу себеп болууда. Ошондой эле түрмөлөр ашыкча толуп, аны кайтаргандар аз болуп жатат. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG