Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 18:16

Атактуу футболчу Пеле операция болду


Футболчу Бразилиянын спорт тарыхында 92 оюнга катышып, 77 гол киргизгени менен таанымал.
Футболчу Бразилиянын спорт тарыхында 92 оюнга катышып, 77 гол киргизгени менен таанымал.

Бразилиянын футбол боюнча атактуу оюнчусу, 80 жаштагы Пеле 4-сентябрда операция болуп, 30-сентябрда үйүнө чыкты.

Ал "Инстаграмдагы" баракчасына "Үйгө баратканыма аябай кубанып жатам. Альберт Эйнштейн атындагы ооруканага ыраазычылык билдирем", - деп жазган.

80 жаштагы футболчу Бразилиянын спорт тарыхында 92 оюнга катышып, 77 гол киргизгени менен таанымал. Ага жоон ичегинин залалдуу шишиги деген диагноз коюлган.

Пеле Бразилиянын улуттук курама командасына 16 жашында кошулган. 1958, 1962, 1970-жылдары Дүйнөлүк футбол чемпионатында ойногон. (BCh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG