Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
15-Май, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 02:51

Жоошев Атамбаевди шайлоого катыштырбоо аракети болуп жатканын айтты


Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто (экинчи катарда ортодо). Бишкек. 20-ноябрь, 2020-жыл.
Мурдагы президент Алмазбек Атамбаев сотто (экинчи катарда ортодо). Бишкек. 20-ноябрь, 2020-жыл.

Учурда бир нече кылмыш ишине айыпталып, абакта жаткан Алмазбек Атамбаевди бийлик парламенттик шайлоого катыштырбоону көздөп жатканын жактоочусу Замир Жоошев "Азаттыкка" билдирди.

Ал Башкы прокуратуранын Атамбаевге карата Жогорку соттун былтыр 30-ноябрда чыгарган токтомун жокко чыгарып, мурдагы чечимди күчүндө калтыруу өтүнүчү далил боло аларын белгиледи.

"Азиз Батукаевдин өлкөдөн чыгып кеткени боюнча Алмазбек Атамбаевге чыгарылган сот өкүмү былтыр, 2020-жылы 30-ноябрда Жогорку сот тарабынан жокко чыгарылып, артка кайтарылган. Анда Батукаевдин иши боюнча сотто Алмазбек Атамбаевге акыркы сөз берилбей соттолгону аныкталып, анын укугу бузулганы үчүн кайрадан кароого жиберилген. Башкы прокуратура эми Жогорку соттун ошол токтомун жокко чыгарууну өтүнүүдө. Бул мурдагы президентти шайлоого катыштырбоо үчүн, анын соттолгонун күчүндө калтыруу аракетинде болуп жатат деп эсептейбиз", - деди Жоошев.

Учурда абакта жаткан мурдагы президент Алмазбек Атамбаев 28-ноябрда боло турган парламенттик шайлоого катышуу ниети бар экенин 27-сентябрдагы сот отурумунда билдирген.

Башкы прокуратура азырынча бул маалымат боюнча жооп бере элек. "Азаттык" башкы көзөмөл органынан маалымат сурап кайрылды.

Алмазбек Атамбаев 2019-жылы кримтөбөл Азиз Батукаевди түрмөдөн бошотуу иши боюнча камакка алынган. 2020-жылы июнда бул иш боюнча 11 жылга соттолгон. Жогорку сот Алмазбек Атамбаевге карата соттун айыптоо өкүмүн 2020-жылдагы октябрь окуяларынан кийин жокко чыгарып, кайра кароого жиберген.

Борбордук шайлоо комиссиясынын түшүндүрмөсүнө ылайык, мыйзам боюнча соттун айыптоо өкүмү күчүндөгү адам шайлоого катыша албайт.

Алмазбек Атамбаевге "Батукаев ишинен" тышкары дагы бир канча кылмыш иштери козголгон. Алар Калыс-Ордо жаңы конушуна мектеп салуудагы коррупция, Кой-Таш окуясы, Бишкек ЖЭБин модернизациялоодогу коррупция жана Кой-Таш айылындагы жер тилкелерин мыйзамсыз алуу боюнча иштер. Акыркы үч кылмыш иши “Кой-Таш окуясы” деген бир кылмыш ишине бириктирилген.

2020-жылы октябрь окуяларынан кийин Атамбаевге жаңы кылмыш иштери козголду. Ички иштер министрлиги 5-6-9-октябрдагы башаламандык боюнча Атамбаевге кылмыш иши тууралуу билдирме тапшырып, 10 түрк жаранына кыргыз жарандыгын берүү боюнча кылмыш ишинин айыбын угузду. (ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG