Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:32

4-октябрда Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатында килемге чыгат


Айсулуу Тыныбекова.
Айсулуу Тыныбекова.

Бүгүн, 4-октябрда кыргызстандык спортчу Айсулуу Тыныбекова Норвегиянын борбору Осло шаарында өтүп жаткан кыз-келиндер күрөшү боюнча Дүйнө чемпионатында алгачкы беттешин өткөрөт. Биргелешкен күрөш дүйнөсү уюмунун (UWW) расмий сайтындагы маалыматка караганда, Тыныбекова (62 кг.) алгачкы беттешин жапониялык балбан Нонока Озаки менен өткөрөт. Тыныбековадан сырткары бул күнү эркин күрөш балбаны Эрназар Акматалиев килемге чыгат. Ал 70 килограмм салмакта алгач шри-ланкалык балбан менен күрөшөт.

Ушул эле күнү эркин күрөш балбаны Алибек Осмонов коло байге үчүн таймашат. Ал 3-октябрда 65 килограмм салмакта килемге чыгып төрт беттеш өткөргөн. Франциялык, бразилиялык, украиналык атаандаштарын жеңген Осмонов жарым финалда ирандык Амирмохаммад Бабак Йазданичератти менен күрөшүп, 4:5 эсебинде бир упай айырма менен жеңилген. Коло байге үчүн Осмонов кайсы өлкөнүн спортчусу менен беттешери азырынча белгилүү боло элек. Беттеш Бишкек убактысы боюнча саат 22:00дө башталат.

28 жаштагы Айсулуу Тыныбекова Дүйнө чемпионатынын алтын (Нур-Султан, 2019-ж.) жана коло медалынын ээси (Париж, 2017-ж.). Токио Олимпиадасынын күмүш байгесинин ээси жана Азиянын төрт жолку чемпиону.

Тыныбекова менен кошо бул дүйнө чемпионатына кыз-келиндер күрөшү боюнча улуттук курама командадан Мээрим Жуманазарова жана Айпери Медет кызы барган. 5-октябрда 76 килограмм салмакта Айпери Медет кызы алгач болгариялык Мария Гергинова Оряшкова менен, 6-октябрда Мээрим Жуманазарова 68 килограмм салмакта түштүк кореялык Минжи Ха менен таймашат.

Норвегияда 2-октябрда башталган күрөш боюнча дүйнө чемпионаты 10-октябрга чейин уланат. Ага Кыргызстандын кыз-келиндер, эркин жана грек-рим күрөшү боюнча курама командасынан жалпы 15 балбан катышууда. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG