Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:13

Өрттү өз алдынча өчүрүүгө аракет кылган кароолчулар күйүк алды


Иллюстрациялык сүрөт
Иллюстрациялык сүрөт

Өзгөчө кырдаалдар министрлиги 4-октябрда тараткан маалыматка караганда, Чүй облусунун Виноградный айылында жайгашкан эски иштетилбеген винзаводдун аймагында чыккан өрттө эки киши күйүк алды. Жабыркагандар отту өз алдынча өчүрүүгө аракет кылышкан.

Алардын биринин бети, моюну жана колу күйсө, экинчи жарандын денесинин 50% күйүп, алар Токмок шаардык оорукананын жандандыруу бөлүмүнө жеткирилди.

Түнкү саат 3төн өтүп тутанган от, таңга маал өчүрүлгөн. Өрттүн жалпы аянты 150 чарчы метрди түзгөн.

ӨКМдин маалыматына ылайык, 2021-жылдын сегиз айында республика боюнча 1966 өрт кырсыгы катталды. Бул өткөн жылга салыштырмалуу 29,8% көп. 2020-жылы 1515 өрт катталган. Өрттүн кесепетинен 25 адам (2020-жылы 14 адам) каза таап, 36 адам жабыркаган (2020-жылы 21). Тилсиз жоодон 26 адам куткарылып, 8 млрд. 389 млн. 727 миң сомдук мүлк сакталган. 1248 өрт турак жайда чыгып, тилсиз жоонун жалпы санынын 63,5 % түзгөн. (КЕ)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG