Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
2-Июнь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 15:53

"Түндүк электр"ооруканаларга жарык үзгүлтүксүз берилерин билдирди


Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Архивдик сүрөт.
Кыргызстандагы ооруканалардын бири. Архивдик сүрөт.

"Түндүк электр" мамлекеттик ишканасы саламаттык сактоо мекемелери өзгөчө көзөмөлдө экенин белгилеп, электр энергиясы үзгүлтүксүз берилерин билдирди. Бул тууралуу ишкана “Фейсбуктагы” баракчасында кабарлады.

Маалыматка ылайык, "Түндүк электр" мамлекеттик ишканасынын карамагында Бишкек шаары боюнча 24, Чүй облусунда 16 жана Талас аймагында 9 медициналык мекеме бар.

“Авариялык учурларда гана өчүрүү болушу мүмкүн. Мындай кырдаалда ооруканалар генераторлоруна кошулушу керек”, - деп айтылат кайрылууда.

Буга чейин социалдык тармактарда ооруканалардын жарыгы өчүрүлүп жатканы жөнүндө маалымат тараган болчу.

Быйыл Кыргызстанда Токтогул суу сактагычындагы суунун аздыгынан электр энергиясында таңкыстык жаралууда. Учурда Кыргызстан электр энергиясын Түркмөнстандан, Тажикстандан, Өзбекстандан жана Казакстандан кошумча алууда.

Бийлик электр энергиясын үнөмдөө максатында көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарнактык жарыктары белгилүү убакытта өчүрүлө турганын билдерген. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG