Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:07

Бишкекте айрым эстеликтердин жанында QR-код орнотулду


​2011-жылы 31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулган.
​2011-жылы 31-августта Бишкектеги Ала-Тоо аянтында кыргыздын залкар жазуучусу Чыңгыз Айтматовдун айкели орнотулган.

Бишкек шаарындагы Чыңгыз Айтматов, Бүбүсара Бейшеналиева, Айкөл Манас сыяктуу бир нече эстеликтердин жанында QR-код орнотулду. Анда смартфон аркылуу эстеликтеги каарман жөнүндө үч тилде маалымат окууга болот. Маалыматтар este.kg сайтында жайгаштырылган. Бул долбоорду “Эсте” коомдук фонду ишке ашырды.

“Долбоордун негизги максаты - кыргызстандыктардын арасында тарыхыбызды жана маданиятты жайылтуу жана өлкөнүн туристтик тармагына колдоо көрсөтүү”, - деп айтылат фонддун билдирүүсүндө.

Борбор калаада 80дин тегерегинде эстелик монументтер коюлган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG