Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 16:00

Юристтердин резиденцияда жашагандар боюнча катына жооп келе элек


"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.
"Ала-Арча" мамлекеттик резиденциясы.

"Адилет" укуктук клиникасынын жетекчиси Чолпон Жакупова президент Садыр Жапаровго кайрылып, мамлекеттик резиденцияда жашап жаткандар, ал жактагы бейрасмий иш-чаралар жана бюджеттен корогон акча тууралуу маалымат, түшүндүрмө сурап кайрылган. Жакупова кайрылуу кат 2-сентябрда жиберилгенин жана ага жооп болбой жатканын сындап “Фейсбуктагы” баракчасына жазды.

Буга чейин “Азаттык” радиосуна президент Садыр Жапаровдун администрациясы "Адилет" укуктук клиникасынын мамлекеттик резиденцияда жашагандар тууралуу суроосуна белгиленген мөөнөттө жооп берилерин билдирген болчу.

“Адилеттин” маалыматына ылайык, президенттин иш башкармалыгына быйыл бюджеттен 662 миллион сом бөлүнгөн, бул былтыркыга караганда 8 миллион сомго көп.

Бир ай мурун атайын кызматтын башчысы Камчыбек Ташиев "Ала-Арча" резиденциясында мурдагы президент Алмазбек Атамбаев салдырган үйдө жашап жатканын, уулунун үйлөнүү тоюн өткөргөнү тууралуу маалыматтар чыккан.

Анда Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин (УКМК) басма сөз кызматы Камчыбек Ташиевдин резиденцияда жашап жатканы тууралуу комментарий берилбей турганын билдирген. Ал эми Ташиевдин тарапташтары муну каралоо катары сыпаттап келишет. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG