Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:49

Боррел: Ооганстанды социалдык, экономикалык апаат тооруп турат


Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел.
Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел.

Евробиримдиктин тышкы саясат боюнча комиссары Жозеп Боррел Ооганстандын экономикасы жана социалдык тармагы кыйроо алдында турганын эскертти. Бул тууралуу Боррел 3-октябрда жарыяланган блогунда белгиледи.

"Ооганстанда олуттуу гуманитардык кризис өкүм сүрүп жатат. Социалдык, экономикалык апаат тооруп турат. Бул оогандыктар, чөлкөм жана эл аралык коопсуздук үчүн коркунучтуу", - деди Боррел.

Ал Ооганстандагы каатчылыктын эң начар сценарийин алдын алуу үчүн "Талибан" эл аралык коомчулуктун ишенимине кире турган шарттарды аткарышы керек экенин айтты. Ошондой эле алдыда кайсы иштер жасаларын жана талибдерден эмне талап кылынарын көрсөткөн жол картасын иштеп чыгуу зарыл экенин да кошумчалады.

Евробиримдиктин тышкы иштер министринин айтымында, Ооганстанда саламаттыкты сактоо системасы да кыйраганы турат. Эгер кышка чейин ушундай абал улана берсе, анда өлкөдөгү гуманитардык каатчылык мигранттардын агымын күчөтүшү мүмкүн.

"Талибан" 15-августта Кабулду ээлеп, Ооганстандагы бийликке колго алгандан бери өлкөдө баа кескин өстү. Талибдер бийликке келгенден кийин Евробиримдик жана Дүйнөлүк банк сыяктуу эл аралык уюмдар Ооганстанга багытталган өнүктүрүү жана жардам программаларын убактылуу токтоткон болчу.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG