Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:39

Шайлоо-2021: Бир мандаттуу округдан көрсөтүлгөндөр саны 76га жетти


Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.
Кыргызстандагы бир мандаттуу округдардын картасы. Жалпы 36 округ. Сентябрь, 2021-жыл.

Парламенттик шайлоого бир мандаттуу округдан катышуу ниетин билдирип арыз тапшыргандардын саны 3-октябрга карата 76 адам болду. Жаңы арыз бергендер арасында партиялар тарабынан көрсөтүлгөндөр дагы бар. БШКнын сайтындагы маалыматка ылайык, "Альянс" саясий партиясы эки талапкерин: бир мандаттуу №31 Чүй-Кемин шайлоо округунан Алмаз Тарыкбаевди, ал эми №5 Ноокат округунан азыркы депутат, "Бир бол" партиясынын негиздөөчүсү Алтынбек Сулаймановду көрсөттү.

Азырынча башка партиялардан бир мандаттуу округдан өкүлүн көрсөткөндөр жок. Боршайком эскерткендей, шайлоого бир мандаттуу округдан катышуучуларын арызын 13-октябрга, ал эми катталуу үчүн документтерин 18-октябрга чейин тапшырусу керек. Бир талапкер бир округдан гана каттала алат.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда өтөт. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат. БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG