Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Октябрь, 2021 ишемби, Бишкек убактысы 17:38

"Борбор Азияда интернетке көзөмөл күчөтүлүүдө"


Иллюстрациялык сүрөт.

Апта башында Wall Street Journal басылмасы АКШ Орусиядан Борбор Азиядагы орус базаларын колдонууга байланыштуу сунушу тууралуу жазды. Nikkey Asia агенттигинде Борбор Азияда интернет көзөмөлү күчөтүлүп жатканы тууралуу баяндама жарык көрдү. Ал эми Eurasianet.org басылмасы бул аптада Кыргызстандагы энергетикалык кризиске көңүл бурду.

Борбор Азия: АКШ Орусия менен Кытайга атаандашпы?

Wall Street Journal басылмасы 28-сентябрда Ак үйдөгү булактарына таянып жазгандай, Борбор Азиядагы орус базаларына байланыштуу маселе АКШ армиясынын штаб башчыларынын бириккен комитетинин жетекчиси Марк Милли менен Орусиянын куралдуу күчтөрүнүн башкы штабынын башчысы Валерий Герасимовдун 22-сентябрда Хельсинкидеги жолугушуусунда көтөрүлгөн.

Америкалык генерал Ак үйдүн өтүнүчү менен базаларды колдонуу тууралуу сунуштун чоо-жайын орус тараптан сураган. Бирок Герасимовдон так жооп болгон эмес. Кремлдин басма сөз катчысы Дмитрий Песков да комментарий берүүдөн баш тарткан.

Июнь айында орус президенти Владимир Путин АКШ лидери Жо Байден менен Женевада жолукканда америкалык күчтөр Тажикстан менен Кыргызстандагы базаларды колдонсо болоорун айтканы кабарланган. Бул тууралуу убагында Орусиядагы "Коммерсантъ" гезити өз булактарына таянып жазып чыккан. АКШ өкмөтүндөгү расмий өкүлдөр мындай комментарий айтылганын ырасташканы менен ал канчалык олуттуу болгонун тактай алышкан эмес.

Орусиянын өз аймагынан тышкары эң ири аскердик базасы Тажикстанда жайгашкан. Мындан тышкары Москванын Кыргызстанда Кант аба базасы сыяктуу бир нече аскердик объекттери турат.

Борбор Азиядагы мындай аскердик базаларды колдонуу маселеси америкалык аскерлер Ооганстандан чыгып кеткенден кийин, Вашингтон чөлкөмдөгү террордук коркунучтарга байкоо салуунун жана ага жооп кайтаруунун кошумча жолдорун издеп жаткан учурда көтөрүлүүдө.

Муну улай эле Орусиянын ТАСС агенттиги «Пентагон Борбор Азия мамлекеттери АКШны Орусия менен Кытайга альтернатива катары көрүшөт деп эсептейт» деген макала чыгарды.

Анда америкалык аскердик күчтөрдүн борбордук командачылыгынын башчысы Кеннет Маккензи Сенаттын комитетинде мыйзам чыгаруучулардын суроолоруна жооп берип жатып, өткөн аптада Нур-Султанда Борбор Азия мамлекеттеринин өкүлдөрү менен жолугуп, Ооганстанга байланыштуу кырдаалды талкуулаганын айтканы жазылган.

"Жалпысынан алар кепилдикти, Кошмо Штаттар менен мурдагыдай эле байланышта болууну көздөшөт. Анткени алар АКШ Орусияга жана Кытайга альтернатива болушун каалашат. Тилекке каршы, географиялык жайгашуусуна байланыштуу алар Орусия жана Кытай менен кызматташууга аргасыз. Бирок менимче чөлкөмдөгү өнөктөштөрүбүз биз Ооганстандан кетсек да АКШ алардан баш тартпайт деген биз тараптан берилчү ишартты каалап турушат",-деген генерал Маккензинин сөздөрүн ТАСС агенттиги келтирет.

Борбор Азияда интернет көзөмөлү күчөтүлүүдө

Nikkey Asia агенттигинде Борбор Азияда интернет көзөмөлү күчөтүлүп жатканы тууралуу баяндама жарык көрдү.

Анын автору Пол Бартлет Казакстан менен Кыргызстанда бийликке онлайн ишмердүүлүктү көзөмөлдөөгө жол ачкан жаңы мыйзамдар кабыл алынып жатканын белгилеген. Макалада жазылгандай, Казакстанда сунушталып жаткан мыйзамга ылайык, Facebook, WhatsApp жана Telegram сыяктуу социалдык тармактардын ээлери өлкө ичинде өз өкүлчүлүктөрүн ачышы керек, болбосо ишмердүүлүгү чектелет.

Баяндамада белгиленгендей, Казакстан мындай чарага өспүрүмдөр арасында суицид көбөйгөнүнөн улам барып жатканын билдирген. Айрымдар муну интернеттин таасиринен көрүшөт. Өкмөттүн жана депутаттардын эсебинде, 15-сентябрда биринчи окуудан өткөн мыйзам бул маселени чече алат. Бийлик чет элдик социалдык тармактарды Казакстанда каттоодон өткөрүү менен "туура эмес" контентти өчүртүп коюга оңой болот деген пикирде.

Human Rights Watch укук коргоо уюмунун Борбор Азия боюнча иликтөөчүсү Сыйнат Султаналиева билдиргендей, бул мыйзам Казакстанда эркин пикир билдирүүгө олуттуу коркунуч жаратып, казак бийлигине саясий жана негизсиз себептерден улам контентти өчүрүүгө жол ачат. Ошондой эле макалада Султаналиева Кыргызстанда кабыл алынган мыйзам боюнча да пикирине орун берилип, ноябрда өтө турган парламенттик шайлоонун алдында бул мыйзам "оппозиция активисттерине, бийликтин сынчыларына жана коррупция менен күрөшкөндөргө тоскоолдук жаратышы ыктымал" дейт.

Макалада жазылгандай, ушул эле жылы Өзбекстанда дагы компанияларга колдонуучулардын жеке маалыматтарын өлкө ичиндеги серверлерде сактоого милдеттендирген мыйзам кабыл алынган. Болбосо аларга айып пул салынып, ишмердүүлүгү токтотулат.

Борбор Азиядагы дагы эки мамлекет Тажикстан менен Түркмөнстанда бийлик өзүнө жакпаган сайттарды эч кандай мыйзамы жок эле жаап салат. Түркмөнстанда жарандар кат-кабар алмашкан бир эле IMO деген тиркеме бар.

Кыргызстан кризиске даярдануу үчүн жарыкты өчүрдү

Ал эми Eurasianet.org басылмасы бул аптада Кыргызстандагы энергетикалык кризиске көңүл бурду. "Кыргызстан кризиске даярдануу үчүн жарыкты өчүрдү" деген баяндамада өкмөт энергетика жаатында катаал чараларга барып, көчөдөгү көрнөк-жарнактардын, кафе-ресторан, дүкөн жана башка оюн-зоок, соода борборлорунун жарк-журк эткен жарыктарын түнкүсүн өчүртө баштаганы жазылат. Жеке ишкерлер макаланын авторуна мындай чара алардын бизнесине кедергисин тийгизерин айтышкан.

Макалада, адатта бул маалда 17 миллиард куб суу толуп турган Токтогул суу сактагычында азыр суунун көлөмү 12,3 миллиард куб метр экени белгиленет. Бийлик муну мөңгүдөн түшкөн суунун азайышы менен түшүндүрүп жатат.

Ошондой эле агенттик ушул тапта кыргыз бийлиги кошуна мамлекеттер менен келишим түзүп, алардан электр энергиясын импорттой баштаганын жазат. Учурда бийлик ишканалар үчүн электрэнергиясынын баасын кымбаттаты.

Энергетика боюнча эксперт Мырзатай Султаналиев электрэнергияга бааны көтөрүүнү "обьективдүү талап" деп эсептейт. Ал бир гана өндүрүш ишканаларына эмес, жалпы калк үчүн тарифтерди көтөрүү керек деген пикирде. Басылма президент Садыр Жапаров бийликке жаңы келген маалда тарифтерди көтөрүүнү көздөгөнүн, бирок оюнан тез эле кайтканын жазат.

"Балким, ал электрэнергиянын кымбаттаганы шыкак болгон толкундоолор Курманбек Бакиедин бийликтен кулашына жеткиргенин эстей калды окшойт",-деп жазат Eurasianet.org.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG