Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Сентябрь, 2021 жума, Бишкек убактысы 13:50

Токтогул cуу сактагычы: жазда абал оор болобу?


Токтогул гидроэлектр станциясы (ГЭС).

Суу тартыштыгынын кесепети күтүлгөндөн дагы масштабдуу болот деген кооптонуулар бар. Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү 2022-жылдын апрелине барып, 6 млрд. кубометрге чейин түшүп кетиши мүмкүн. Бул деген эң төмөнкү чек жана Кыргызстандын негизги электр энергия булагы – Токтогул ГЭСи ишин токтотууга аргасыз болушу ыктымал.

Суунун азыркы деңгээли кандай?

10-сентябрга карата Токтогул суу сактагычында 12,1 млрд. кубометр суу топтолду. Электр энергиясынын сырттан сатып алынып жатканын эске алганда деле 1-октябрга чейин 12,3 млрд. кубдан көп суу топтолбойт дейт Улуттук энергетикалык холдинг башкармалыгынын төрагасы Таалайбек Байгазиев.

Өткөн жылы (2020-жыл) 1-октябрга карата өлкөнүн негизги суу сактагычында 15,2 млрд. куб суу топтолгон. Жылытуу сезону бүткөн 1-апрелге карата 8,7 млрд. кубометр суу калганы белгилүү. Байгазиевдин эсептөөсүндө, керектөөлөр өскөнүн эске алганда, алдыдагы кыштан кийин - 2022-жылдын 1-апрелине барып, суунун көлөмү 6 млрд. кубометрге чейин азайышы мүмкүн. Мындай абалга жетсе, ГЭС авариялык абалга кабыла турганын энергетиктер эскертип келет.

Токтогул суу сактагычы Нарын дарыясына курулган. Ага башка дагы бир катар дарыялар – Көкөмерен, Чычкан, Узун-Акмат, Таркент жана башкалар куят. Өткөн жылы өлкө бийлиги аба ырайына байланыштуу суу аз болорун эскерткен.

Маалыматтарга караганда, быйылкы жылы суунун агып кирүү көлөмү болжолу 8,4 млрд. кубометр болду. Бул деген көп жылдык орточо норманын 88% түзөт.

2021-жылдын 10-сентябрында Токтогул суу сактагычына агып кирген суунун көлөмү 317 кубометрди түздү. Салыштырсак, өткөн жылдын ушул күнү 470 кубометр болгон.

Сентябрдан тарта суунун агымы кескин төмөндөй баштайт. Азырынча суунун агып келиши чыгымдан бир аз ашат, бирок бир айдан кийин абал түп тамырынан өзгөрөт. Жылдын аягына барып, суунун чыгымы агып кирген көлөмдөн 4-5 эсеге ашып түшөт.

Импортко артылган үмүт

Министрлер кабинетинин төрагасы Улукбек Марипов импорт болбосо Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү критикалык деңгээлге чейин түшүп кетиши мүмкүн экенин эскертти.

“Азыркы биздин максат – импорттун эсебинен суунун көлөмүн сактап калуу”, - деп ачык эле айтты Марипов.

Кыргызстанда электр энергиясынын жылдык керектөөсү болжолу 15 млрд. кВт/саат. Суу тартыштыгы жаралганда кыргыз өкмөтү үнөмдөө үчүн Казакстан жана Өзбекстан менен сууну электр энергиясына алмашуу жагын макулдашкан.

Келишимге ылайык, 2021-жылдын мартынан ноябрга чейин Казакстан Кыргызстанга 900 млн кВт/саат, Өзбекстан апрелге чейин 750 млн кВт/саат электр энергиясын жеткирет. Кыргызстан жалпысынан коңшуларынан 1 млрд. 650 млн кВт/саат электр энергиясын алып, 2023-жылга чейин жай мезгилинде этабы менен кайтарып берет.

Мындан сырткары Кыргызстан электр энергиясын Өзбекстан аркылуу Түркмөнстандан импорттой баштады. Августтан декабрга чейин 501 млн. кВт/саат электр энергиясын сатып алуу пландалган. Министрлер кабинети түркмөндөрдөн алган бааны ачык айткан жок.

Бирок энергетика боюнча эксперт Расул Умбеталиевдин ырасташынча, Ашхабад электрдин киловатт-саатын 1,7 сомдон сатууда. Өзбекстан транзит үчүн 35 тыйын алат. Жыйынтыгында түркмөндөрдөн алынган электр энергиясынын кВт/сааты Кыргызстан үчүн 2,05 сомго (0,024$) түшүүдө.

Түркмөнстандан импорттун жалпы суммасы 12,1 млн. долларды же 1 млрд. 33 млн. сомду түзөт.

Марипов андан сырткары кошумча сатып алуу жагын Казакстан, Өзбекстан, ал тургай Орусия менен дагы сүйлөшүп жатканын кошумчалады.

“Электр энергиясын импорттоо маселесин кыска убакытта чечүү керек. Антпесе, жазга барып Токтогул суу сактагычындагы суунун көлөмү кескин азайышы мүмкүн”, - деп кеңеш берди.

Токтогул суу сактагычы, архив сүрөт.
Токтогул суу сактагычы, архив сүрөт.

Министрдин орун басары Таалайбек Ибраевдин төрагалыгы алдында өткөн Энергетика жана өнөр жай министрлигинин жыйынында Кыргызстан кийинки жылы дагы электр энегриясын сырттан сатып алары белгилүү болду.

“Электр станциялары” жана "Кыргызстан улуттук электр тармагы" ишканаларына кошумча импорт боюнча иштөө жана потенциалдуу сатуучуларды табуу тапшырмасы берилген.

Андан сырткары Энергетика жана өнөр жай министрлиги Бишкек ЖЭБде өндүрүш көлөмүн көбөйтүп, кошумча 1 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгууну тапшырды. Көмүр сатып алууга кошумча 2,8 млрд. сом керектелет. Бишкек ЖЭБ өлкөнүн керектөөсүнүн 15% жабат. Ишкананын алдына 2021-жылы 2,2 млрд. кВт/саат электр энергиясын иштеп чыгуу тапшырылган.

Абал кандай болот?

Бийлик Токтогул гидроэлектр станциясында (ГЭС) коллапска жол бербей турганын убада кылууда. Суу сактагычтагы азыркы абалды аба ырайы менен байланыштырды.

Бирок электр энергиясынын жетишсиздигинин шартында керектөө жылына 5-7% өсүп, жаңы өндүрүштү талап кылууда. Министрлер кабинети чакан ГЭСтерге таянганы менен көп жылдан бери мындай долбоорлор кагаз жүзүндө гана калып калды.

Республиканын энергетика тармагынын мүмкүнчүлүктөрү кеңири. Кыргызстандын гидрологиялык өзгөчөлүгү жана артыкчылыгы - суу ресурстары дээрлик толугу менен өз аймагында топтолгону. Ири дарыяларга ар кандай көлөмдөгү ондогон ГЭСтерди курууга болот. Бирок азырынча мындай мүмкүнчүлүктөрдүн ондон бир бөлүгү гана колдонулуп жатат.

Энергетикалык кризистен чыгуунун дагы бир үмүтү - “Камбар-Ата-1” гидроэлектростанциясынын курулушу. Ал курулуп калса, көп жылдар бою электр энергиясынын тартыштыгын жоймок деп эсептешет.

Өз менен өзгөнү тейлеген "Токтогул" ГЭСи
please wait

No media source currently available

0:00 0:20:23 0:00

Бирок, саясий туруксуздук, инвестициялык климат, тарифтер инвесторлорду издөөнү татаалдаштырат. Инвестиция министри Алмамбет Шыкмаматов өз алдынча куруу идеясынын утопия экенин моюнуна алат.

Энергетика тармагындагы абалды тарифтерди жогорулатуу менен жакшыртууга мүмкүн эле, бирок электр энергиясына баалар 2015-жылдан берки инфляциянын эң жогорку шартында дагы өзгөрүүсүз калды.

Апрель айында президент Садыр Жапаров “Фейсбукка” жарыяланган билдирүүсүндө, тарифтерди кайра карап чыгуу зарылдыгын түшүндүрүүгө аракет кылган. Быйыл октябрь айынан тартып өндүрүш үчүн тарифтерди көтөрүү каралууда.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG