Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 10:38

Бадахшанда жанкечтилердин атайын батальону түзүлдү


Жума намаз учуру, Кабул. 1-октябрь, 2021-жыл.
Жума намаз учуру, Кабул. 1-октябрь, 2021-жыл.

Ооганстандын түндүк-чыгыш аймагында жанкечтилердин атайын батальону түзүлгөнүн Бадахшан провинциясынын вице-губернатору Молдо Ахмади журналисттерге билдирди. Атайын батальон Ооганстандын чек араларында, негизинен Кытай жана Тажикстан менен чектешкен Бадахшан провинциясында дислокация болот.

Вице-губернатордун айтымында, жанкечтилердин армиясы мурдагы өкмөттүк коопсуздук күчтөрүнө сокку урган күчтөр менен барабар. Ал жанкечтилерди эр жүрөк согушкерлер деп атап, "жандан кечүү менен гана АКШнын аскерлерин кыйратууга" мүмкүн болгонун айтты.

Буга чейин "Эркин Европа/Азаттык" радиосунун тажик кызматы - "Озоди" радиосу жазгандай, Ислам Эмиратынын Мансури армиясы негизинен жанкечти террорчулардан турат. Өткөн аптада талибдер алардын бир бөлүгү Ооганстандын Бадахшан провинциясына жайгаштырылганын билдирген.

АКШ жана анын өнөктөштөрү Ооганстандан аскерлерин чыгара баштагандан тартып, "Талибан" (Кыргызстанда тыюу салынган уюм) кыймылы күчтөнүп, өкмөттүк аскерлерди кыйрата баштаган.

15-августта талибдер Кабул шаарын курчоого алгандан көп өтпөй Ооганстандын президенти Ашраф Гани башында турган өкмөт кулаган.

XS
SM
MD
LG