Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:27

Экзитпол: "Грузин кыялы" алдыда


Грузиядагы шайлоо учуру. 2-октябрь, 2021-жыл.
Грузиядагы шайлоо учуру. 2-октябрь, 2021-жыл.

Грузиядагы шайлоонун жүрүшүнө бир нече уюмдар сурамжылоо жүргүздү. Ушул тапта 47,6% менен "Грузин кыялы" партиясы алдыда. Оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы 27,1 пайыз добушка ээ болду. Мурдагы өкмөт башчы Георгия Гахариянын "Грузия үчүн" партиясы 6,8% добуш алды.

Бул маалыматтарды сурамжылоо жүргүзгөн Gorbi компаниясына таянып, Imedi со телекомпаниясы кабарлады.

"Мтавари архи" телеканалы Ipsos институтунун маалыматы боюнча "Грузин кыялы" - 38,6%, "Бирдиктүү улуттук кыймыл" - 33%, "Грузия үчүн" 7,6 пайыз добуш алганын кабарлады.
"Формула" телеканалы "Грузин кыялы" - 46%, опозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" - 33%, "Грузия үчүн" 6% добушка ээ болду деп билдирди.

Баштапкы маалыматтар боюнча 2-октябрда өткөн Грузиядагы шаар мэрлерин жана жеригиликтүү кеңештерге добуш берүүгө шайлоочулардын 52% катышты.

Шайлоону утурлай Грузияга келген мурдагы президент, оппозиционер Михаил Саакашвили 1-октябрда кармалып, камакка алынган. Рустав абагына жеткирилген оппозиционер каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG