Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 08:11

Смартфондор үчүн сынбас айнек жасалды


Автоунааны смартфон менен башкаруу. Apple компаниясынын эрежесин четке каккан Франция. Смартфон үчүн сынбас айнек.

Унааны смартфон менен башкара баштайбызбы?

Буга чейин Samsung компаниясы автоунааны ачып жана бекитүүнү, от алдырууну, багажын ачууну, күзгүлөрүн, отургучтарын, жылуулугун жөндөөнү смартфондун жардамы менен ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн берүү үчүн автомобилдик бренддер менен иштешип жатканын жарыялаган. Эми Санарип унаа ачкычы (Digital Car Key) функциясы киргизилген алгачкы унаа катары өткөн аптада чыккан Genesis GV60 электромобили тандалды.

Түштүк Кореянын бул фирмасы билдиргендей, бул функция NFC жана UWB түзүмдөрү менен иштеген Galaxy смартфондору үчүн жеткиликтүү. Баса, санарип ачкычты башкалар менен бөлүшсө болот. Тактап айтканда, автоунааңызды жакындарыңызга берип калсаңыз, сиздин уруксатыңыз менен алар да өз смартфондорунан убактылуу санарип ачкычка ээ болот.

“Мобилдик технологияларды өнүктүрүүнүн үстүнөн иштеп жаткандыктан, биз менен экосистема боюнча кызматташкан бардык өнөктөштөрүбүзгө жаңы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп бергибиз келет. Бул нерсе биз үчүн приоритетке ээ”, - дейт Samsung Electronics бөлүмүнүн президенти ТМ Ро (TM Roh).

Булак: sammobile.com

Apple компаниясына моюн бербеген Франция

iPhone 12 смартфондорунан баштап Apple компаниясынын бардык продукциялары мурдагыдай кулакчынсыз жана кубаттандыргычысыз ичке кутуларда чыгарылып, ал эми гарнитуралары өзүнчө сатыла баштаган. Компания мындай чечимин экологияга болгон камкордук менен түшүндүргөн. Бирок бул эрежеге Франция көнгөн жок.

Учурда Франция Apple продукциялары зымдуу кулакчындары менен сатылган дүйнөдөгү жалгыз мамлекет. Буга комплектисинде гарнитурасы жок телефондорду сатууга жол бербеген жергиликтүү мыйзамдар себеп болду.

Мыйзамга ылайык, телефондорду кулакчынсыз колдонуу ден соолукка зыян. Мыйзам гаджеттен бөлүнүп чыккан радио жыштыктын зыянын негиз келтирет. Анда “Кулакчындар зыяндуу нурларды чектөөгө шарт түзөт” деп айтылат.

Баса, Apple компаниясы чыгарган акыркы iPhone 13 смартфону дагы Франциянын аймагында кулакчындар менен сатылууда.

Булак: 9to5mac.com

Смартфондор үчүн сынбас айнек

Канадалык окумуштуулар смартфондор үчүн ылайыктуу бекем айнектин прототибин жасашканын Science илимий журналы жарыялады.

Жаңы сунушталып жаткан айнектин бекемдигин түшүнүү үчүн аны жөнөкөй айнек менен салыштыруу жетиштүү.

Макгилл университетинин (McGill University) адистери сунуштаган айнек жөнөкөй айнектен беш эсе туруктуу жана үч эсе бекем. Ал бири-бирине кыналган бөлүкчөлөрдөн турган кадимки перламутрдун ички түзүлүшүнө окшоштурулуп жасалган.

Сынбас айнекти жасоо үчүн пеламутрдун түзүлүшүн үлгү катары алып, жеңил айнек жана акрил катмарлары менен аралаштырган. Натыйжада бекем материалга ээ болушкан. Андан соң, аны айнек менен айкалыштырып, тунук композит материалын алышкан. Эми бул айнекти смартфондор үчүн пайдалануу алардын колдонуу мөөнөтүн узартууга мүмкүнчүлүк түзөт.

Буга чейин Кытайдагы Яньшань университетинин окумуштуулары эң бекем жана катуу айнек жасай алышканын жазганбыз. Анда АМ-III деп аталган жаңы айнекти күн батареялары катары колдонууга мүмкүн экени айтылган.

Булак: science.org

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG