Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 18:59

Жапаров: Жогорку Кеңешти люстрация кылуу шайлоочунун колунда


Кыргызстандагы добуш берүү учурунан бир көрүнүш. Бишкек, 11-июль, 2021-жыл.
Кыргызстандагы добуш берүү учурунан бир көрүнүш. Бишкек, 11-июль, 2021-жыл.

Президент Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасына жазган билдирүүсүндө, алдыдагы парламенттик шайлоо тууралуу пикирин айтты. Мамлекет башчы мындан ары бардык шайлоолор таза өтөрүн, административдик ресурс колдонулбасын белгилеген.

"Ким кызматта туруп, кайсы бир партияга же талапкерге иштесе, дароо кызматтан алынып, жоопко тартылат.
Ошого жараша эл дагы добушун сатпашы керек. Бул жолу сиздерге парламентти люстрациядан өткөрүүгө шарт түзүп бердим",-деп жазды ал.

Садыр Жапаров жаңы шайлоо мыйзамдары боюнча бир мандаттуу округдан шайлануучу 36 депутат ошол аймактагы элдин түздөн-түз өкүлү болорун айтып, партиялык тизме менен шайлоо да өзгөргөнүн билдирген. Президент мурдагыдай партия үчүн добуш берүү, партиялык тизмедеги алдыңкы ондук үчүн добуш берүү болбосун айтты.

"Партиянын ичинен өзүңүздөргө жаккан талапкерге дагы добуш бересиздер. Тагыраагы, партиялык бюллетенге эки белги коюлат. Партияга жана анын ичиндеги өзүңүздөргө жаккан бир талапкерге. Мына ошондо парламентке чыныгы элдин колдоосун алган депутат келет. Мурдагыдай “биринчи ондукка кирип алсам, депутат болом” деген заман жок. Ал заман артта калды".

Кыргызстанда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо 28-ноябрда болот. Бул ирет Жогорку Кеңешке 90 депутат келет. Анын 54ү партиялык система менен шайланса, 36 депутат бир мандаттуу округдан шайланат.

БШКга 75 партия шайлоого катышуу ниетин билдирип, арыз берген. Алардын канчасы каттоодон өтүп, шайлоого катышары азырынча анык эмес. Ал эми бир мандаттуу округдан депутаттыкка ат салышуу арызы менен БШКга кайрылгандардын саны 75тен ашты.

Соңку парламенттик шайлоо Кыргызстанда 2020-жылдын 4-октябрында өткөн. Шайлоо тыянагына нааразылар эртеси күнү Бишкекте митингге чыгып, арты өлкөдө бийлик алмашууга алып келген.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG