Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:18

Жапаров: Акысыз вакцинаны албай кайдыгерлик кылып жаткандар бар


Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров "Фейсбуктагы" баракчасы аркылуу бир катар маселелер боюнча пикирин жазды. Алардын бири - өлкөдөгү коомдук кырдаал, коронавирус пандемиясы учурундагы экономикалык абал, кымбатчылык. Мамлекет башчы кымбатчылык Кыргызстанда гана эмес, дүйнө жүзүндө болуп жатканын, буга бир жарым жылдан бери жүрүп жаткан коронавирус пандемиясы негизги себеп экенин билдирген.

"Албетте, мындай учурда салыктан да, бажыдан да төлөмдөр аз түшүп, казына толбойт. Ошентсе да кымбатчылыкты токтотолу, бир чекте кармап туралы деп күнү-түнү алпурушуп жатабыз".

Президент Жапаров ошол эле учурда коронавирус илдети менен күрөшүү тынымсыз уланып жатканын, мамлекеттик казынадан атайын акча бөлүнүп, вакцина сатып алынганын белгилеген.

"Айрым өлкөлөрдө акчага эмдеп жатышат. Бизде бекер вакцинаны жапа тырмак алгандан эринип, кайдыгерлик кылгандар да жок эмес. Эртерээк коронавирус токтосо, анан дүйнө мамлекеттерине эшиктер ачылат эмеспи. Албетте, анан кымбатчылык да басаңдайт эле", - деген мамлекет башчы.

Садыр Жапаров кымбатчылык, кыйынчылыктарга карабай айлык акы, пенсия, жөлөкпулдар көбөйтүлүп жатканын, армия күчтөндүрүлүп, жолдор жасалып жатканын билдирген. Кийинки урпактарга уят болбогондой иштөө үчүн убакыт керектигин, баары жакшы болорун билдирген.

Садыр Жапаров мамлекет башына былтыр октябрь окуяларынан кийин келген. 4-октябрдагы парламенттик шайлоонун жыйынтыгына нааразылыктан кийин өлкөдө бийлик алмашкан. Алгач президенттин милдетин аткаруучу болуп, 2021-жылы 10-январда мамлекет башчы болуп шайланган.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG