Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:42

Кабулда мечиттеги жардыруудан эки киши каза тапты


Кабул шаарындагы мечиттердин бири, 1-октябрь 2021-жыл.
Кабул шаарындагы мечиттердин бири, 1-октябрь 2021-жыл.

Ооганстандын баш калаасы Кабулдагы мечиттердин биринин аймагындагы жардыруудан кеминде эки киши набыт болду. Окуя 3-октябрда "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид маркум энесине куран окутуп жаткан учурда болгону аныкталды.

"Бүгүн түштөн кийин Кабулдагы Эйдгах мечитинин кире беришинин жанында жайкын тургундар жыйналып турган учурда бомба жарылды. Тилекке каршы бир нече адам каза тапты", - деп жазды "Твиттерге" Забиулла Мужахид.

Талибдер түзгөн өкмөттүн курамындагы Ички министрлигинин басма сөз жана коом менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Сайед Хости жардыруудан эки киши өлүп, дагы экөө жарадар болгонун "Эркин Европа / Азаттык" радиосуна ырастады. Ал бул окуяга байланыштуу үч киши кармалганын кошумчалады.

Буга чейин "Талибандын" басма сөз катчысы Забиулла Мужахид маркум энесине 3-октябрда түштөн кийин саат 2ден 5ке чейин Ейдгах мечитинде куран окутуларын "Твиттер" аркылуу жарыялаган.

Жардыруу куран окутуу маалында же андан кийин болгону белгисиз. Азырынча эч бир тарап бул окуяга жоопкерчиликти мойнуна ала элек.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG