Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:08

Марат Саралинов дүйнө салды


Марат Саралинов.
Марат Саралинов.

80 жаш курагында Кыргызстандын дипломатия кызматынын ардагери, элчилик кызматтарда жүргөн, профессор Марат Саралинов каза тапты. Бул тууралуу Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги кабарлады.

Марат Саралинов 1941-жылы Фрунзе шаарында туулган. 1969-жылы Кыргыз ССРинин Тышкы иштер министрлигинин башкы катчысы болуп иштеген. СССР Тышкы иштер министрлигинин Жогорку дипломатиялык мектебинде даярдоо курсунда окуган.

1996-2001-жылдар аралыгында Кыргызстандын Кытайдагы элчиси болуп турган. 2003-жылы Кыргызстандын Дубайдагы генералдык консулу, 2004-2005-жылдары КР президентинин администрациясында эмгектенген.

“Ал көптөгөн эл аралык уюмдардын ишине, ар тараптуу жолугушуулар менен конференцияларга активдүү катышып, Кыргызстандын кызыкчылыгын коргоп келген. Тышкы иштер министрлигинин түзүлүшүнө жана эгемендүү Кыргызстандын тышкы саясатынын өнүгүшүнө чоң салым кошкон”,-деп айтылат ТИМ тараткан билдирүүдө.

Саралиновдун эл аралык маселелер боюнча макалалары бир нече тилде жарыяланган.

2005-жылдан тарта ТИМдин Дипломатия академиясында иштеди.

“Даңк” ордени, "Манас-1000", “Билим берүүнүн отличниги” төш белгиси жана Ардак грамоталары менен сыйланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG