Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:39

Аба ырайы: Тоолуу райондордо кар жаайт


Күзгү Чуңкурчак. Чүй облусу.
Күзгү Чуңкурчак. Чүй облусу.

Синоптиктердин маалымдашынча, эртең 4-октябрда туруксуз аба ырайы күтүлөт. Мезгил-мезгили менен жаан жаап, тоо этектеринде карга айланат, тоолуу райондордо кар жаайт.

Айрым райондордо батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

Чүй облусунда түнкүсүн -2…+6, күндүз 7…12;
Талас өрөөнүндө түнкүсүн 0…+5, күндүз 6…11;
Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 6…11, күндүз 15…20;
Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 0…+5, күндүз 9…14;
Нарын облусунда түнкүсүн 0…+5, күндүз 10…15 градус жылыйт.

Бишкек шаарында эртең жаан жаабайт. Абанын температурасы түнкүсүн 3…5°, күндүзү 10…12 градус болот.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG