Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:31

Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгы туулуп өскөн айылында белгиленди


Жусуп Абдрахманов.
Жусуп Абдрахманов.

Кыргыз Республикасынын Баатыры, көрүнүктүү мамлекеттик жана коомдук ишмер Жусуп Абдрахмановдун 120 жылдыгына карата эскерүү иш чарасы Ысык-Көл районунун Жаркынбаев айылында өттү.

Иш-чарага президенттик администрациянын башчысы Сүйүнтбек Касмамбетов, маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министри Кайрат Иманалиев баштаган жетекчилер, жергиликтүү бийлик өкүлдөрү, тарыхчылар жана Жусуп Абдрахмановдун жакындары катышты.

Жусуп Абдрахманов 1901-жылы 23-декабрда туулган. 17 жашында Кызыл Армиянын катарында согушкан. 1924-жылга чейин Жети-Суу аймагында жооптуу партиялык-советтик кызматтарда иштеген.

1925-жылы Москвага кызматка чакырылып, Бүткүл союздук коммунисттер партиясынын Борбордук Комитетинде жооптуу инструктор болуп эмгектенген.

1927-жылы Кыргыз АССРинин Элдик комиссарлар төрагасы болуп дайындалат.

1933-жылы сентябрда Абдрахманов Кыргызстандын Эл Комиссарлар Кеңешинин (Министрлер кабинетинин) төрагалыгынан алынып, партиядан чыгарылган.

1937-жылы июнда камакка алынып, атууга өкүм чыгарылган. Өкүм 1938-жылы 5-ноябрда Чоң-Таш аймагында ишке ашырылган. Абдрахмановду жарандык реабилитациялоо 1958-жылы, партиялык актоо - 1989-жылы болгон.

Президент Садыр Жапаровдун буйругу менен Жусуп Абдрахмановго быйыл "Кыргыз Республикасынын баатыры" жана "Ак Шумкар" ордени ыйгарылды.(ZKo)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG