Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:55

Жол кырсыгына кабылган автоунаанын президенттик администрацияга тиешеси жок


Иллюстрациялык сүрөт.
Иллюстрациялык сүрөт.

2-октябрдан 3-октябрга караган түнү Токмок шаарында жол кырсыгына кабылган автоунаа президенттик администрациянын кызматтык унаасы эмес. Бул маалыматты президенттин маалымат кызматы "Азаттыкка" кабарлады.

Айрым басылмаларда жана социалдык тармактарда кечээ түндө Токмок шаарында эки автоунаа кагышып, натыйжада эки адам каза тапканы кабарланган. Алардын бири президенттик администрациянын кызматтык унаасы экени жазылган.

Кыргызстанда сегиз айда 4637 жол кырсыгы катталып, былтыркы жылга салыштырмалуу кырсыктар 30% көп болду. 497 киши жол кырсыгынан каза тапкан. 500 миңден көп эреже бузуу катталып, 8 миң айдоочу мас абалында кармалды.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG