Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 16:38

Грузиядагы шайлоодо бийликтин "Грузин кыялы" партиясы алдыга чыкты


2-октябрда Грузияда 64 шаардын мэрлигине жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.
2-октябрда Грузияда 64 шаардын мэрлигине жана жергиликтүү кеңештерге шайлоо өттү.

Борбордук шайлоо комиссиясы 2-октябрдагы шайлоодо берилген добуштар 100% саналганын маалымдады. Ага ылайык, бийликтин "Грузин кыялы" партиясы - 40,3%, оппозициялык "Бирдиктүү улуттук кыймыл" партиясы - 27,97% , ал эми "Грузия үчүн" саясий партиясы 8,85% добушка ээ болду.

2-октябрда Грузияда 64 шаардын мэрлигине жана жергиликтүү кеңештердин 2100 мүчөсүнө шайлоо болду.

Тбилиси шаардык кеңешине өтүү үчүн партияларга шайлоо босогосу 2,5%, калгандарына 3% түзөт. Жалпысынан шайлоого 43 саясий партия катышты. Добуш берүүгө шайлоочуларлын 51,92% катышты.

Грузиядагы шайлоо былтыр "Грузин кыялы" партиясы шайлоодо утуп чыккандан кийинки саясий кризис убагында өттү. Оппозиция былтыркы шайлоо бурмаланганын билдирсе, бийлик мындай айыптоолорду четке каккан.

2-октябрдагы шайлоону утурлай өлкөгө келген мурдагы президент Михаил Саакашвили 1-октябрда камакка алынган. Рустав абагына жеткирилген Саакашвили каршылык иретинде ачкачылык жарыялаганы маалым болду.

XS
SM
MD
LG