Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 00:23

Акжол Махмудов машыктыруучусуна автоунаа белек кылды  


Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында. 2021-жылдын 2-августу.
Акжол Махмудов Токио Олимпиадасында. 2021-жылдын 2-августу.

Токио-2020 Олимпиадасында күмүш медал алган Акжол Махмудов жеке машыктыруучусу Мейрамбек Ахмедовго Lexus GX 460 үлгүсүндөгү жол тандабас белекке берди. Бул тууралуу машыктыруучунун жакындары социалдык тармактарда кабарлады.

Мейрамбек Ахмедов балбан Махмудовдун жеке машыктыруучусу болуп көп жылдан бери эмгектенет.

Токиодогу жайкы Олимпиадада грек-рим күрөшүнөн күмүш медал алган Акжол Махмудов 23-августта II даражадагы “Манас” ордени, 10 млн. сом жана Toyota RAV4 автоунаасы менен сыйланган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG