Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:45

Кыргызстанда 2021-2026-жылдардын диний концепциясы кабыл алынды


Кыргызстандагы мечиттердин бири.
Кыргызстандагы мечиттердин бири.

Президент Садыр Жапаров "2021-2026-жылдарга Кыргызстандын диний чөйрөдөгү мамлекеттик саясатынын концепциясы жөнүндө" жарлыкка кол койду. Бул тууралуу мамлекет башчынын сайтында жарыяланды.

Беш бөлүмдөн турган концепцияда элдин биримдигин, маданияттар аралык жана диндердин ортосундагы ынтымакты камсыз кылуу, мамлекеттик-конфессиялык өнөктөштүктү өнүктүрүү, мамлекеттин светтик негиздерин чыңдоо жана дин тутуу эркиндиги жөнүндө мыйзамдарды ишке ашыруу камтылган. Концепциянын толук мазмунун бул жактан окуңуз.

Быйылкы жылдын расмий маалыматына караганда, Кыргызстанда 3348 диний уюм каттоодо турат, алардын 2930у ислам, 404ү христиан багытындагылар. Мындан тышкары Кыргызстанда 12 бахаи, 1 иудей жана 1 буддисттик бирикме бар.

Кыргызстан мамлекеттик башкарууга дин аралашпаган мамлекет экени Конституциянын 1-беренесинде жазылган. Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия – дин жагында мамлекеттик саясатты калыптандыруу жана жүзөгө ашыруу ишин жүргүзүүчү, мамлекеттик органдардын ишин координациялоочу борбордук орган. (TSh)

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG