Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:24

Коронавирустан бир бейтап каза болуп, 43 учур жаңы катталды


Бишкектеги ооруканалардын бири.
Бишкектеги ооруканалардын бири.
Коронавируска каршы күрөшүү боюнча республикалык ыкчам штабдын маалыматына караганда, 4-октябрда коронавирустан бир бейтап каза болду. 43 адам вирус жуктуруп алганы лабораториялык жактан тастыкталды. Ооруну жуктуруп алгандардын көбү Бишкек шаарында.

Бишкек - 26
Ысык-Көл облусу – 8
Чүй облусу – 4
Талас облусу - 2
Жалал-Абад облусу – 2
Нарын облусу - 1

Баткен жана Ош облустарында, Ош шаарында оору жуктургандар катталган жок. Ушуну менен былтыр марттан бери Кыргызстанда коронавирус жуктургандардын жалпы саны 178 783 адам болду.

Бир сутка ичинде 67 адам сакайып чыкты. Бул аралыкта оорудан айыгып чыккандардын саны 173 538 адамды түздү. Ал эми пандемия башталгандан бери жалпы 2608 адам каза болду.

Бүгүнкү күнү 440 адам ооруканада, 712 бейтап үйүндө дарыланып жатат.

Өлкө боюнча коронавируска каршы эмделгендердин саны 1, 5 млн. чукулдады. Алардын 836 миңге жакыны вакцинанын биринчи дозасын алды. (КЕ)

XS
SM
MD
LG