Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:23

Максат Касенов 30-октябрга чейин камалды


Максат Касенов.
Максат Касенов.

Активист Максат Касенов 30-октябрга чейин камакка алынды. Анын бөгөт чарасын Бишкектин Биринчи май райондук соту карады.

4-октябрда таратылган расмий кабарга ылайык, Касенов Жаза аткаруу мамлекеттик кызматынын №50 тергөө абагында болот. Аталган жайда өтө оор кылмыш жасагандар кармалат.

Милиция аны "киши өлтүрүүгө аракет кылган" деген шек менен 1-октябрда Каракол шаарынан кармап, Бишкекке жеткирилген.

Максат Касенов "Улуу Кыргызстан" кыймылынын мурдагы лидери, Каракол шаардык кеңешинин экс-депутаты. 2017-жылы "жапырт мушташка катышканы" үчүн кармалып, кылмыш иши козголгону маалымдалган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG