Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
18-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:42

Депутат Саматбек Ибраевге нааразы болгондор пикетке чыгышты


Депутат Саматбек Ибраевга нааразы болуп митингге чыккандар. 4-октябрь, 2021-жыл.
Депутат Саматбек Ибраевга нааразы болуп митингге чыккандар. 4-октябрь, 2021-жыл.

Парламенттин депутаты Саматбек Ибраевге жана анын үй-бүлөсүнө алданганын айткан кишилер 4-октябрда пикетке чыгышты. Ондон ашуун адам Жогорку Кеңештин имаратынын алдына чогулушту. Колдоруна "Ибраев Самат, акчабызды кайрып бер!", "Президент мырза, жардам бериңиз!" деген жазуулары бар плакаттары көтөрүп алышты.

Алар Ибраевдердин үй-бүлөсү баш-аягы 35 млн. доллар карыз экенин билдирип, аласасы бар кишилердин бир бөлүгү гана пикетке чыкканын айтышты.

Нааразы топ "Ибраевдердин үй-бүлөсү түрдүү себептер менен акча алып, бербей койгон" деген жүйөнү келтиришүүдө.

"Азаттык" азырынча депутатка байланышып, өзүнө жана үй-бүлөсүнө байланыштуу финансылык маселелер боюнча комментарий ала алган жок.

Саматбек Ибраев - КСДП фракциясынан депутат. Улуттук банкка байланыштуу мыйзамды өзгөртүү, "финансылык шылуун" катары мүнөздөлгөн орусиялык Владимир Фролов менен кызматташуу боюнча соңку күндөрү анын аты тез-тез атала баштады.

Анын уулу Данияр Ибраевге 2019-жылы ири суммадагы каражатка байланышкан алдамчылык иши боюнча эл аралык издөө жарыяланганы кабарланган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG