Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 21:38

"Ош базарынын" сатуучулары мэриянын алдында соода-митинг уюштурушту


Бишкек мэриясынын алдына соода-митингине чыккандар.
Бишкек мэриясынын алдына соода-митингине чыккандар.

Бишкектеги "Ош базарынын" айрым сатуучулары 4-октябрда мэриянын алдында соода-митинг уюштурушту. Күбөлөрдүн айтымында, онго жакын ишкер аял нааразылыгын ушул өңүттө көрсөтүп, шаар бийлигин базар сыртындагы жайма базарга чара көрүүнү талап кылышты.

Сатуучулар товарларын арабага жүктөп алып, мэриянын тушуна чогулушту жана үн күчөткүч аркылуу "сатып түгөтүү" акциясы болуп жатканын жар салып турушту. Колдоруна нааразылыктары жазылган плакаттарды көтөрүп алышты.

Алардын жүйөсүнө ылайык, көчөдөгү жайма базардын айынан базарда соода ордуна акы төлөп, салык төгүп отурган соодагерлердин товарлары өтпөй турат.

Мэриядан азырынча комментарий боло элек.

Kaktus.media басылмасынын видеосу:

"Ош базары", "Дордой" жана "Орто-Сай" базарларынын айланасында мыйзамсыз соода кылгандарды тазалоого мэриянын алы жетпей, Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетке (УКМК) кайрылганын шаардын буга чейинки жетекчиси Балбак Түлөбаев билдирген.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG