Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Октябрь, 2021 бейшемби, Бишкек убактысы 14:50

Асыл жарды азгырган чыккынчы дос


Иллюстрациялык сүрөт.

Турмуш жолунда жаңылып-жазбаган адамды табыш кыйын. Бирок кыйбас адамын кечирүү чанда бир кишилердин гана колунан келчү иш. Бактыбек Максутовдун “Каргашалуу түн” аңгемесинде мына ушул турмуштук окуя сүрөттөлгөн.

Кыргыз аңгемесинин классикасы берүүсүндө окуянын чоо-жайына токтолобуз.

Жылкы четинде

Чыгармада бүгүнкү турмуш, азыркы учур сүрөттөлгөн. Байманалуу колхоз-совхоздор таратылып, малы элге бөлүнүп берилген. Элдин бир тобу байып, малын башкаларга бактыра баштаган убак. Акылбек ошондой малчылардын бири, үй-бүлөсү менен мурдагы колхоздун кыркын сарайына көчүп келип, акысына кышкысын элдин жылкысын багат. Бул ишти баштаганына деле быйыл үчүнчү жылга аяк басууда.

Бу жылкы жаныбардын түйшүгү деле бир топ, күндүз жайытка чыгарып, алыстан көзөмөлдөп турууга болот, бирок түнкүсүн кайтарыш керек. Анын үстүнө ит-куш көбөйүп, малды карап турбаса заматта кол жууп калыш оңой эле. Ит-кушуң колдон талашып, тынчтык бербес болду. Мурдагы заманда алардын бары-жогу азыркыдай билинчү эмес. Ошондон Акылбек жылкыларын түнкүсүн өзү кайтарат, кар тээп оттогон жаныбарлардын жанында эш болуп, суукка тоңгонуна карабай кайтарып турат.

Бүгүн да адатынча жылкыларды жайып коюп, үйдөй чоң кара таштын далдоосунда отурду. Бул жер шамалдан буйгоо, кабат-кабат кийинсе деле кышкы суук кыйын, тез эле үшүп чыгат. Катуу үшүгөндө даярдай келген отунун үйүп таштын жанынан от жагат. Түнкү чыкыроондо кургак отундун анча кубаты жок, антсе да от эмеспи жалынына колун кактап, азыноолок жылынып алат. Жылкылар да Акылбек жанында турганда бейкапар оттошот. Күрткүнүн арасынан туягы менен тээп тапкан отту күрт-күрт чайнап, жылдыз толгон асмсан алдында жайма-жай бышкырып алыс кетишпейт. Ай сүттөй жарык. Айлана ачык, баары көрүнүп турат.

Акылбектин эсине өткөнү түшөт. Ата-энеси кырсыктан көз жуумп, каргадай бала чагында томолой жетим калып туугандарынын колунда эр жетти. Тууган жакшы, бирок да өз үйү эмес, эрезеге жеткиче жашоо-турмуштун жакшылыгына караганда кыйынчылыгын көп көрдү. Жеңелеринен тил укту, курбуларынан таяк жеди. Мектепти бүтүп теңтуштарынын көбү шаарга окууга кеткенде ал аскерге барып келгенден кийин айылда иштеп калды. Айылдагы эстүү кыздардын бири Чолпонайга үйлөндү.

“Азыр да Чолпонай менен өткөргөн жаштыктын айтып бүткүс таттуу күндөрүн эстеп, дүнүйөсү түгөл болуп, кыркын сарай жакты анда-санда карап коюп отурду. Сүйүшүп жүрүп баш кошкон ак никелүү жарынын ыплас ишке барбаган, акактай таза болуусун каалоочу. Өзүн да андай арам иштен оолак алып жүрчү. Жашоодогу кыйынчылыкты бирге көтөргөн, жакшылыктарды тең бөлүшкөн, элдик дастандарда даңаза болуп айтылган кыргыздын мыкты кыздарындай болуп, үй-бүлөнүн очогун өчүрбөгөн, акыл-эстүү жар болуусун каалар эле. Көп балалуу болууну, алардын келечеги кең, бактылуу жаштардан болсо экен деп тилек кылчу. Анткени, анда ага да, ини да жок болучу.

Жакшылыктарда, тойлордо, майрамдарда мүмкүнчүлүгүнө жараша Чолпонайга белектерди берип, уул-кызын куурчактай кылып кийиндирип, ээрчитип алчу. Анын мындай мамилесине айылдагылар өзгөчө суктанышып, көз артышаар эле.

Чолпонайга жеткенине өзүн аябай бактылуу сезчү. Тели-теңтуш, ага-тууган ичинде да кадыр-баркка жетип, бала кезиндеги башынан өткөн кыйынчылыктары, тарткан азаптары, көргөн кордуктары акырындык менен эсинен чыгып, ушундай сүйүктүү жарга туш кылган Алла Таалага ыраазы болуп кетчү".

Чолпонай акыйкатта да сулуу, эстүү кыз болчу. Айылдагы ошончо көп балдардын ичинен анын Акылбекти каалап, турмушка чыгышы башкаларга табышмак эле. Баарынан да Кенжебек досу эмнеликтен айылдын сулуусу Акылбекке тийип кеткенине таң кала берчү. Ал таң калып эле тим болбой кийинки кездери Чолпонайга белек-бечкек берип, көңүлүн алуунун аракетине кирген.

Аңгеме туууралуу баяндын аудосун бул жактан угуңуз:
Асыл жарды азгырган чыккынчы дос
please wait

No media source currently available

0:00 0:11:30 0:00

Жолдон адашуу

Алган жарынын кылыгын эстеп ичи эзилип отурган Акылбек түн ортосу оогондо кош жарыгын түнгө сайган жол тандабас булар турган сарай алдына келип токтогонуна таң калып, арыда оттоп турган атына карай басты. Кенжебектин машинеси, айыл өкмөт болгондон бери ал машиненин мыктысын, тамактын чүйгүнүн жеп, мурдагы теңтуштарына кырдуусунуп калган. Акылбектин оюнда жамандыгы жок, досунун эмнеге түн оогондо келгенине түшүнбөй келатты. Иштин чоо-жайын ал үйүнө кире бергенде чала-була кийинген Кенжебектин Акылбекти жөөлөп өтүп сыртка качып чыкканынан, жуурканды ороно бүрүшүп отурган аялын көргөндө гана түшүндү.

“Ал ушул учурда бирөөнү өлтүрүүдөн, өзү да өлүп алуудан кайра тартпай, каардуу жырткычтын абалында болчу. Мындай окуяны ал эч убакта күткөн эмес эле. Акылбек үйүнөн атып чыгып, мамыдагы атты мине, машинасына да карабай, шаштысы кетип, тээ ылдый карай качып бара жаткан Кенжебектин артынан түштү.

Жаны кашайып, алдыда безе качып бара жаткан Кенжебекти атып жиберди. Ал көмкөрөсүнөн кулап түштү. Бир аздан кийин гана ал баш көтөрдү. Акылбектин мылтыктын машаасын басканга дити барбай, колу калчылдап кетип, ок Кенжебектин башынан алыс кеткен экен.

Кенжебек тизелей калып, ага жалынып жиберди:

- Айланайын Акылбек, кечир мени. Эмне десең айтканыңды аткарайын. Жанымды аман кой.

- Эй акмак!! Мага адам баласы кылбас жамандыкты кылдың. Ак никелүү алган жарымды арамдадың. Эми... Мен да сага кылбаганды кыламын. Жаныңдын амандыгын көздөсөң, эптеп үйүңө жет.

Акылбек ачуусуна чыдабай Кенжебекти чокудан ары камчы менен тартып-тартып алды”.

Карабайсыңбы, ойдо жок жерден Акылбек калаты ишке туш болду. Кенжебек анын досу, үйлөнгөндө күйөө жолдош болуп келген курбусу ушундай ишке барып жатса башкаларынан эмнени күтүүгө болот?! Анын Чолпонайга жетпей калганына ичи ачышып, сыртынан дос болуп жүргөнү менен ыңгайын күтүп, кек сактап калганын Акылбек билчү эмес. Кенжебек жашыруун иши билинип абийири кеткенинен да ачуусу чукул досу атып таштайбы деп катуу чоочуду. Тоонун шыргалаң суусун кечип, эки ирет самын ташка тайгаланып жыгылып атып аркы өйүзгө чыкты. Акылбек кезенип атып салса болорун айтып, ачуусун кимден чыгарышты билбей мылтыгын булгап артына кайты. Шыргалаң суу сөөгүнөн өтүп чучугуна жеткен Кенжебек жасаган иттигин эми сезип, жыгылып кетчүдөй болуп ыргалып кыштак тарапка басты.

Ызасы кайнаган Акылбек үйүнө келсе эки көзү тоодой шишип, Чолпонай уңулдап ыйлап отурат. Акылбек сүйгөн жарынан мындайды күтпөгөнүн, уятсыз экенин айтып, “бул көрөкчө өлүп калсаң болмок” деп сыртка чыгып кетти. Кичинекей наристелери эч нерсе менен иши жок жыргап уктап жатышат. Кенжебектин бал тилине азгырылып, ортодо ар-намыстан эр өлчү күнөө кылганын Чолпонай эми түшүндү окшойт. Акылбектин балдары менен аялына жасаган мамилесин, үй-бүлөсү үчүн баарына кайыл экени анын мээсине эми жетти. Чолпонай Акылбектин жайкысын күндүн ысыгына какталып таңды-кеч талаада жүргөнүн, кышкысын жылкы кайтарып суукка кайыгып акча тапканын кемчилиги дечү.

Кенжебекке баары жеңил табылчу, кызматка да оңой эле жетти, эл минбеген машинени минди, акча-тыйын жок дегенди билбейт. Анын бал тилине азгырылып, жашыруун жолугушуп жүргөнүнө башында азыноолок уялса, кийин ага деле көнүп бараткан. Азгырык деген ушул тура. Акылбек башка сөз айтпады, мылтыгын алып сыртка чыгып атына минди да тоону карай бет алды.

Ит дүйнө, бул үй-бүлөм деп оорчулугуна, кыйынчылыгына карабай башбалдак атып иштеп атса сүйүп алган аялынын кылганын кара. Экөөнүн ортосундагы ысык мамиле, ортолук сый-урмат утурумдук нерсе экен да. Кенжебектин азгырыгына кирип, чырактай эки баласынын тагдырын ойлобой жасаган иши бул.

Акылбек ой артынан ой кууп, аялынын жасаган ишин азыноолок актай турган кичине бир илинчек таба албай койду. Акылбектин аялы менен балдарынан башка ишенер тоосу, таянычы жок болчу. Анысынын жасаган ишин кара. Ушундай да болобу?! Бир туруп өлүп алсамбы деген азезил ойго да жетеленди. Кайра туруп аял албай эле бойдок өтсөм болмок экен деп өзүн жооткотту. Атам келет деп отурган бейкүнөө балдарын ойлоп азезил оюнан коркуп кетти.

Ачууга уугуп, өзү менен өзү болуп келатканда алдынан атырыла чуркаган карасур байтал менен аны көжөлүп кубалап алган карышкырды жөн эле өткөрүп ийди. Булардын артынан көзү оттой жанып Тору айгыр кетти. Ошондо гана Акылбекке коркунуч сезими келди. Карышкырлар жылкыларды кырып салган окшойт. Жонундагы мылтыгын алып эки-үч ирет асманга карай ок чыгарды.

Келсе жылкылары түгөл, тору айгыр менен карасур байталдан башкасы адамды эш тутуп тегеректеп турушту. Жылкыларын айдап коктунун оозуна келсе тору айгыр менен карасур байталы кашынып турушкан экен. Экөөнөн анча алыс эмес жерде карышкырдын өлүгү жатат. Кашабаң жалгыз окшойт. Үйүрү менен келгенде канабайрамды салып кетишмек. Жалгыз калган дөбөттү кара айгыр чапчып өлтүрүп, жылкыларды сактап калганы абийир болду.

Анысынан көңүлү тынганы менен Акылбекти көз алдында болуп өткөн окуя кыйнап, эмне кыларын билбей буулугуп турду. Адам баласы жашоо-турмушунда жаңылыштык кетирбей койбойт, андайда кең дүйнө тар болуп, пендең эмне кылар айласын таппай калат. Акылбек да Чолпонайдын жасаганына ишенип-ишенбей, бирок көз алдында ойнолгон драмадан улам эмне кыларын билбей, ачуусун мылтыгынан чыгарып, аны мыжып, өзүнө келе албай жатты.

Кыштын узун чыкыроон түнү да сүрүлдү. Акылбек жылкыларын көрүнөө жерге калтырып үйүн көздөй ыргылжың бастырды. Чолпонайды кантип карайт, ал аны кантип каршы алат болду экен?!

“Ал үйүнө келип эшикке жакындаганда сай-сөөктү сыздатып, чыркырап ыйлаган балдарынын үнүн укту. Шаша-буша эшикти ачып киргенде, үйдүн устунуна байланган аркандын учуна илинип, салаңдап турган Чолпонайдын жансыз денесин көрүп, калтырап коркуп кетти. Колундагы мылтыгы жерге түштү...”.

Бечара жалгыздын кыйналып-кысталып жасаган мунарасы ойдо жок жерден урап түшкөн экен. Кимди күнөөлөйт? Чолпонайбы, Кенжебекпи, мүмкүн, өзүдүр! Ачууга алдырып ансыз да айыбы кармалып, алапайын таппай турган жарына өлүп эле албайсыңбы, деген өзү эле го. Айкөлдүк кылып кечирип, айласы куруган аялын сооротуп, жек көрүүдөн өзүн оолак тутканда бу шойкон иш болбойт беле?!

Чолпонай айыптуу иш кылыптыр, аны азгырык жолго түрткөн Кенжебек жазасын алды, жарым жылаңач шыргалаң сууну кечип, жылаңайлак, жылаңбаш айыл четинде калды. Чолпонайдын заманасы куурулуп, ансыз да өзүн жектеп, күчүн ыйынан чыгарып атканда сооротуп, айкөлдүгүн көрсөтүштүн ордуна мылтыгын сороңдотуп, бу көрөкчө өлүп калса болмогун айтып үңүрөйүп үйүнөн чыгып кеткен. Сүйгөн киши кечиримдүү болушу керек эле го.

Чолпонайы анын айтканын жасаптыр. Эми ал ошол сөзүнүн азабын тартат. Энесин эстеп зарлаган балдарынын ыйын уккан сайын сай-сөөгү сыздап, ачуу үстүндөгү катуу кебин эстеп аттиң дээр! Ачуу душман, акыл дос, ачуусу шакардай кайнаганда адам баласын көзү тумандап, заары жүзүн тээп, баарын унутуп калат тура.

  • 16x9 Image

    Бекташ Шамшиев

    "Азаттыктын" журналисти, публицист, тилчи жана котормочу. Бир нече китептин автору. Кыргыз мамлекеттик университетинин филология факультетин аяктаган. 

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG