Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 10:50

“Кардарлар кезекте турат”: Кыргызстан алтынды кимге сатат?


“Кумтөр Голд” ишканасынын кызматкерлери эриген алтынды калыптарга куюп жатышат. Архивдик сүрөт.
“Кумтөр Голд” ишканасынын кызматкерлери эриген алтынды калыптарга куюп жатышат. Архивдик сүрөт.

Президент Садыр Жапаров Кумтөр кенинен өндүрүлгөн алтынды "сатып алам деген алармандар кезекте турганын" жазды. Өлкө башчы мындай билдирүүнү кыргыз делегациясы менен “Центерра Голд” компаниясынын жетекчилери Женева шаарында сүйлөшүп жаткан убакта жасады.

Ал эми Кыргызстандын өзүндө “Кумтөр Голд” ишканасын кыргыз бийлиги колуна алгандан берки ишмердиги тууралуу отчёт алуу талабы күндөн-күнгө күчөп баратат.

Кыргыз алтынын ким алышы мүмкүн?

Президент Садыр Жапаров “Фейсбуктагы” расмий баракчасына коомчулукта талкууланып жаткан маселелерге жооп деп, төрт тема боюнча учкай маалыматтарды жазды.

Электр энергиясы боюнча: Кыргызстан Түркмөнстандан, Тажикстандан электр жарыгын эки сомдун тегерегинде сатып алып жатканы белгилүү болду. Казакстан менен Өзбекстандан дагы импорттоло баштаган. Энергетика жана өнөр жай министрлиги мурдараак бул эки коңшу мамлекеттен алынган 1 миллиард 650 миллион кВт/саат электр энергиясы 2023-жылга чейин кайра кайтарылып берилерин кабарлаган.

Өлкө башчы күзүндө боло турган Жогорку Кеңешке шайлоо болушунча таза өтүп, “административдик ресурс колдонулбайт" деп убада берди. Ал эми кымбатчылыктын себебин коронавируска байланыштуу чек аралар жабылып, соода-сатык азайганы менен байланыштырды.

Төртүнчүсү, Кумтөр маселеси. Садыр Жапаров “Центерра Голд” компаниясынын демилгеси менен Кыргызстандан барган делегация Женевада сүйлөшүү жүргүзгөнүн билдирди. Жолугушуунун жыйынтыгын ачыктабай, алар келгенде маалымат бериле турганын кошумчалады. Лондондогу Баалуу металлдар базарынын (LBMA) “Кыргызалтын” ишканасынын алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын токтотуу чечими тууралуу мындай деди.

“Ал эми LBMA (ред: Лондондогу Баалуу металлдар базары) биздин алтынды алуудан баш тартты. “Эми алтындарыбызды сата албай калабыз” деп ызы-чуу салып жаткан жарандарыбызга айтаарым, сиздер эч кам санабаңыздар. Алтын жерде калбайт. “Сатып алам” деген кардарлар кезекте турушат талашып”.

Президент “Кумтөр Голд” өндүргөн алтындын алармандары кимдер экенин, кандай жолдор менен сатылары жөнүндө жазган жок.

Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясы (LBMA) “Кыргызалтындын” алтын аффинаждоочу заводунун аккредитациясын 17-сентябрда токтотуп, Кыргызстан өндүргөн алтынды батыш өлкөлөрүнө түз сатуу мүмкүнчүлүгүнөн убактылуу ажыратылган.

Кыргыз бийлигинин маалыматына караганда, “Кумтөр Голд” ишканасын Кыргызстан өзү иштетип баштаган май айынан бери кенден өндүрүлгөн бир да грамм алтын чет жакка чыгарыла элек. Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Акылбек Жапаровдун сөзү боюнча, “Кумтөр Голд” төрт айда 4,1 тонна алтын өндүрдү.

Зергерлер жана ишкерлер бирлигинин төрагасы Сталбек Акматов алтын баалуу металл болгондон кийин ага качан гана болбосун дүйнөдө суроо-талап жогору экенин белгиледи. Башка маселе Кыргызстанда аны сатуудагы ачык-айкындуулукка көңүл бурду.

Сталбек Акматов.
Сталбек Акматов.

“Алтынды сатуу анча деле кыйын эмес. Бир гана аны кандай эреже менен сатышат, коррупциялык иштер болуп кетпейби деген маселе бар. Зергерчилик өнүккөн Индия, Кытай, Түркия алтын, күмүштү аябай көп алат. Ушул өлкөлөргө алтынды сата берсек болот. Себеби, азыр Good delivery белгиси жок биздин алтынды дүйнөнүн бир да банкы албайт. Ал эми Индия, Кытай, Түркияга Лондондогу Баалуу металлдар базарынын ассоциациясынын аккредитациясы маанилүү эмес. “Кумтөр Голддун” алтынын зергерчилик өнүккөн гана өлкөлөр сатып аларына 99% ишенем. Алтынды сатуунун мындан башка жолу жок. Бирок чиновниктер аны сатууда коррупциялык иштерге аралашып, өз кызыкчылыктарын ойлобошу керек. Алтын элдики болгондон кийин аны сатуу да ачык болушу шарт”.

Кыргызстан жылына болжол менен 15-20 тоннадай алтынды сыртка экспорттойт. Көбүн Британияга, андан тышкары, Швейцария, Италия, Орусия, Түркияга сатат. Өлкөдөгү алтындын 70-80% Кумтөр кени берет. Кыргызстан алтынды банктарга эмес зергерчиликке сатса баа маселеси кандай болушу мүмкүн?

“Баасында өтө деле чоң өзгөрүү болбойт. Анткени зергерлик менен алектенген ишканалар деле алтынды Лондондогу биржанын баасы менен сатып алышат. Балким 3-5% чейин арзандатуу болушу мүмкүн. Бирок Good delivery болгондо деле Дүйнөлүк банк 5% чейин арзандатууну суранат”, - деп жооп берди Сталбек Акматов.

Швейцариядагы сүйлөшүү

Садыр Жапаровдун Кумтөр боюнча билдирүүсү кыргыз делегациясы менен “Центерра Голд” компаниясынын жетекчилери Швейцариянын Женева шаарында сүйлөшүп жаткан убакта жасалды. Президенттин администрациясы эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн 1-раундунун жыйынтыгына кыргыз тарап оң баа бергенин кабарлаган.

Кыргызстандын делегациясында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары, экономика жана финансы министри Акылбек Жапаров, Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитеттин (УКМК) төрагасы Камчыбек Ташиев, “Кумтөр Голдго” тыштан башкаруучу болуп дайындалган Тенгиз Бөлтүрүк, башкы прокурор Курманкул Зулушев жана башка адистер бар.

Канадалык ишканадан “Центерра Голд” компаниясынын президенти жана башкы аткаруучу директору Скотт Перри баштаган топ келген.

Кыргыз тарап “Центерра Голд” түзүлгөн кырдаалды чечүү боюнча мүмкүн болгон бардык жолдорду, анын ичинде Кыргызстанга “Кумтөр Голд” ишканасына ээлик кылуу боюнча да сунуш берилгенин жарыялады.

Кумтөр маселесин көтөрүп жүргөн парламенттин төрагасынын мурдагы орун басары Кубанычбек Исабеков сүйлөшүүдө бир эле “Кумтөр Голд” боюнча маселе каралбашы керек деген пикирде.

Кубанычбек Исабеков.
Кубанычбек Исабеков.

“Биз бир эле “Кумтөр Голдду” алып калып калбашыбыз керек. Себеби, “Центерра Голд” ишканасында биздин 77 миллион 401 миң 768 даана акциябыз бар. Анын да баасы түшүп кетти. “Центерра Голд” Кыргызстандагы Кумтөр кенинин эсебинен Орусиянын Тыва республикасынан, Монголиядан, Түркиядан сатып алган кендер бар. Ал жерде Кыргызстандын кызыкчылыгы, үлүшү бар. Биз “Кумтөр Голдду” гана алып калып калган кендерден эмнеге кол жуушубуз керек?”.

Кыргыз бийлиги “Кумтөр Голд” ишканасын өзү иштетип баштагандан бери “Центерра Голд” менен биринчи жолу жолугуп сүйлөшүп жатат. Эки тарап ушул күнгө чейин бири-бирин айыптап келет. Кыргызстан канадалык ишкана экологияга зыян алып келип, салык төлөгөн эмес десе, “Центерра Голд” кыргыз өкмөтү “Кумтөр Голдду” басып алды деп эсептейт.

Отчёт алуу талабы

Кубанычбек Исабеков бийлик кендеги өндүрүштүн көлөмү андан түшкөн каражат тууралуу элге отчёт бериши керектигин да билдирди. Ал “ишкананын айланасындагы бүдөмүк жагдайлар ар кандай талаш-талкууларга жол ачып жатат” дейт.

Бул маселе Жогорку Кеңеште акыркы апталарда бир нече жолу көтөрүлдү. Айрым депутаттар “Кумтөр Голд” ишканасына тыштан башкаруу киргизилгенден бери аткарылган иштер, өндүрүлгөн алтын тууралуу өкмөттөн отчёт алуу боюнча демилге көтөрүштү. Компания муну саясатчылардын упай топтоо аракети катары баалаган. 29-сентябрда парламентте депутат Наталья Никитенко ага жооп берди.

Наталья Никитенко.
Наталья Никитенко.

“Бул жооп эмес эле эмоцияга толгон билдирүү. Элге, депутаттарга бир да маалымат берилген жок. Конституция боюнча депутат суроо берип жооп алууга укугу бар. Экинчиден, кенге убактылуу тыштан башкарууну Жогорку Кеңеш киргизген. Эми ал жакта эмне болуп жатат белгисиз. Парламенттин кезексиз жыйынын чакырып маалымат алышыбыз керек. Тенгиз Бөлтүрүктүн, экономика жана финансы министринин жана Улуттук коопсуздук комитетинин төрагасынын Европага сапары бүткөндөн кийин парламентте маалымат угушубуз зарыл”.

Кумтөр кенинин ишин иликтеген мамлекеттик комиссия “Центерра Голд” Кыргызстанга салык жана экологиялык санкция түрүндө 4 миллиард 252 миллион доллар төлөшү керек деген бүтүм чыгарып, 17-майда “Кумтөр Голд” компаниясына убактылуу сырттан башкаруу киргизүү сунушун берген. Парламент аны колдоп, кенди май айынан бери кыргыз бийлиги өзү иштетип келатат.

Мамлекеттик комиссия койгон доодон сырткары Бишкектин Октябрь райондук соту “Центерра Голдду” Кыргызстандын экология мыйзамдарын бузганы үчүн мамлекетке 261 миллиард 719 миллион 674 миң сом кенемте төлөп берүүгө милдеттендирген.

Канадалык компания дооматтарды четке кагып, Стокгольмдогу Эл аралык арбитражга жана Нью-Йорктогу банкроттуулук боюнча сотко кайрылган.

Facebook шеринеси

XS
SM
MD
LG